ДЖЕЕНБАЕВА ГУЛУИПА АРСТАНБЕКОВНА

 

Өмүр баяны

Джээнбаева Гулуипа Арстанбековна, 1970-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Улуту-кыргыз. 1987-жылы орто мектепти аяктаган. Ж.Бөкөнбаева ошол эле жылы Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайга тапшырып, аны 1991-жылы ийгиликтүү аяктап, "медсестра"квалификациясын алган. 2014-жылы академик К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетин бүтүрүп, "психология" адистиги боюнча бакалавр даражасын алган.

Эмгек жолун 1991-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Сарай айылында фельдшер болуп иштөөдөн баштап, кийин "Жалал-Абад" курортунда медайымдын жардамчысы болуп иштеп, андан кийин Кара-Суу райондук борбордук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштеген. Жалал-Абад медициналык окуу жайында "медайымдык иш" кафедрасынын окутуучусу болуп иштеген.

2014-жылдан азыркы кезге чейин "доктор Мендибаев клиникасы" ЖЧКнын башкы директору кызматын аркалап келем. Үй-бүлөлүү, жети баланын энеси.