Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкердин шайлоо алдындагы программасы
- Медицина — Элдин ден соолугу — мамлекеттин байлыгы
- Бардык аймактарда жаңы жана оңдолгон оорукана, дарыгердик борборлор.
- Ар бир айылда 24/7 дарыгердик пункт;
- Ар бир дарыгерге жогорку маяна жана турак жай шарттары камсыз кылынат;
- Диспетчердик кызмат 24 саат иштөөсүн камсыздоо;
- Шаар жана айыл ортосундагы аралыкты 30 мүнөткө чейин кыскартуу максатында логистика пландоо.
- Кризистик учурларда дарылар акысыз берилсин;
- Зарыл жабдуулар (ЭКГ, УЗИ, кандагы анализ жабдуулары) менен камсыздоо
- Кара-Суу районунда нейрохирургия, жүрөк, онкология жана өнөкөт оорулар үчүн заманбап жабдуулар.
- «Дарыгер айылга» программасы — дарыгерлердин көчмө бригадалары алыстагы айылдарга чыгышат.
- Дарыгерлерге турак-жай, татыктуу айлык жана социалдык колдоо.
- Балдарга жана улгайган адамдарга акысыз медициналык текшерүү.
- Ар бир жаранга электрондук медициналык карта киргизүү.
- Билим берүү — Келечек — балдарыбыздын билиминде
- Жаңы заманбап мектептер жана бала бакчалар куруу.
- Кара-Суу районундагы мектептерге компьютердик класстар, интернет жана мультимедиялык жабдуулар орнотуу.
- «Мугалим — улуттун сыймыгы» программасы: мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, сыйлыктар жана социалдык колдоо.
- Жаштар үчүн стипендия жана гранттар — Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө окуу мүмкүнчүлүгү.
- Кесиптик билим берүү: ширетүүчү, электрик, дыйкан, IT адистерди даярдоо.
- Балдар жана жаштар үчүн кошумча билим берүү борборлору — спорт, музыка, чыгармачылык.
- Жолдор жана транспорт — Элди бириктирген жолдор
- Кара-Суу районунда жана айыл аралык жолдорду капиталдык оңдоо.
- Тротуарлар жана көчө жарыктандыруу.
- Алыскы айылдарга жаңы автобус жана маршруттук каттамдар ачуу.
- «Мектепке коопсуз жол» долбоору — өтмөктөр, белгилер, аялдамалар.
- Турак жай-коммуналдык чарба (ТЖКЧ) жана канализация — Тазалык жана тартип — ден соолуктун негизи
- Канализация жана суу түтүктөрүн оңдоо жана кеңейтүү.
- Ар бир айылга таза ичүүчү суу жеткирүү.
- Таштандыларды кайра иштетүү жана санитардык көзөмөл.
- ТЖКЧ тарифтерин ачык-айкын башкаруу жана онлайн көзөмөл системасы.
- «Таза үй — таза район» акциясы: ишембиликтер, жашыл аймактар, кооздолгон короолор.
- Газдаштыруу жана экология — Ар бир үйгө жылуулук жана таза аба
- Кара-Суу районуна табигый газ жеткирүү.
- Көмүр баасын төмөндөтүү жана альтернативдик отун (пеллет, биогаз) колдонуу.
- Токойлорду сактоо жана отунду үнөмдүү пайдалануу.
- Дарыялар менен булактарды калыбына келтирүү, жашылдандыруу акциялары.
- «Жашыл Кыргызстан» — жаштар арасында экологиялык тарбия.
- Ишкердик жана айыл чарба — Ар бир үйдө иш жана молчулук болсун
- Кара-Суу району фермерлерине колдоо: жеңилдетилген кредиттер, субсидиялар, техника.
- Сугат системасын жаңылоо, тамчылатып сугаруу.
- Багдарларды жана талааларды кургакчылыктан жана зыянкечтерден коргоо.
- Жемиш, жаңгак, бал жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар ачуу.
- «Жаш ишкер» программасы — жаштарга бизнес үйрөтүү жана грант берүү.
- Коперативдерди өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
- «Антимигрант» программасы — Жумуш орундарын четте эмес, үйдө ачалы
- Райондо чакан жана орто ишканаларды түзүү.
- Завод-фабрикаларды куруу үчүн инвестиция тартуу.
- Жаштарга кесиптик окутуу жана кайра даярдоо борборлору.
- «Жаштар ишке!» — стажировка, лидерлик жана ыктыярчылык долбоорлору.
- Аял ишкерлерди жана үй-бүлөлүк бизнес долбоорлорун колдоо.
- Коомдук коопсуздук жана адилеттүүлүк — Мамлекет жаранды коргошу керек
- Муктаж жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо.
- Мамлекеттик сатып алууларды жана каржылоо процесстерин ачык-айкын жүргүзүү.
- Аялдарга жана балдарга каршы зомбулукту азайтуу чаралары.
- «Тынч айыл» программасы — коопсуздук камералары, алдын алуу иштери.