ПРИМОВ УЛАН БЕРДИБАЕВИЧ

Талапкердин кыскача өмүр баяны:

 

Мен, Примов Улан Бердибаевич, 1978-жылы 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Ош шаарында төрөлгөм.

1985-1995-жылдары Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектепте билим алгам.

1995-жылы Ош технологиялык университетинин финансы-экономика факультетине тапшыргам. 2000-жылы ОшМУнун Юридикалык факультетинин «Юриспруденция» адистигине сырттан окууга тапшырып, 2004-жылы бүтүрдүм.

Окуу менен катар 1998-жылы тамеки ферментациялоочу заводдо жумушчу болуп иштей баштадым.

Окууну аяктагандан кийин Ош облусунун Алай районунда жетектөөчү адис, башкы эсепчи, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим.

2004-жылы "Перити-Коал" ЖЧКсын негиздеп, 2014-жылга чейин директор болуп иштедим.

2007-жылы Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланып Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектегем.

2012-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты, 2014-жылдын январь айында шаардык кеңештин үчүнчү чакырылышынын төрагасы болуп шайлангам.

2015-жылдын 4-октябрындагы шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган. Ошол жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин орун басары болуп шайлангам, ошондой эле Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын жетектедим. 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайландым. 2022-жылдын 12-январында мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайландым. Учурда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасымын.

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук каржы башкармалыгынын, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, КР Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйландым, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги” жана “Финансы-экономиканын отличниги”мин. Ошондой эле башка сыйлыктар менен бирге Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун юбилейлик медалы жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл» юбилейлик медалы менен сыйландым.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисимин. Экономика илимдеринин кандидатымын.