Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

 

Депутат мен үчүн - элдин көйгөйүн чечүү мүмкүнчүлүгү жана болуп жаткан кырдаалдарга кайдыгер карабастан пайдасын, таасирин тийгизүү. Райондордун көйгөйлөрүн өз көзүм менен көргөнмүн жана билем. Бирок маселелерди глобалдуу кабыл алуу жана этап-этабы менен чечүү зарыл.

Кийинки жылдарда өлкөнүн улуттук мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана мамлекетти өнүктүрүү максатында менин программам боюнча тааныштырып кетейин.

 

Негизги багыттар:
1. Экономика жана ишкердикти өнүктүрүү
• Аймактарда чакан жана орто бизнеске шарт түзүү.
• Салыктык жүктү азайтуу жана инвесторлорго жеңилдик берүү.
• Айыл чарбасына инновация жана техникалык колдоо көрсөтүү.
2. Билим берүү жана жаштар саясаты
• Мектептерди заманбап технология менен камсыз кылуу.
• Жаш адистерге колдоо көрсөтүү, иш орундарын түзүү.
• Жогорку окуу жайлардын сапатын жогорулатуу.
3. Саламаттыкты сактоо
• Ар бир жарандын сапаттуу медициналык тейлөө алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү.
• Айылдык ооруканаларды медициналык жабдуулар менен камсыздоо.
• Дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө.
4. Коомдук тартип жана адилеттүүлүк
• Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш.
• Сот жана укук коргоо органдарын реформа кылуу.
• Жарандардын коопсуздугун камсыздоо.
5. Аймактарды өнүктүрүү
• Жол, суу, электр, интернет сыяктуу инфраструктураны жакшыртуу.
• Жергиликтүү бийликке көбүрөөк ыйгарым укук берүү.
• Экологияны жана табигый ресурстарды сактоо.

 

Кыргызстан мындан ары да светтик, демократиялык мамлекет катары өнүгө берет. Кыргыздардын жана Кыргызстандын башка элдеринин тарыхы, каада-салты сакталып, чыгармачылык менен өнүктүрүлөт. Элибиздин бийик адеп-ахлак нормалары, руханий дүйнөсү ар тараптан колдоого алынат жана сакталат. Мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыты билим берүүнү, илимди, маданиятты өнүктүрүү, ар бир жарандын жеке жана бүтүндөй элдин ар тараптуу ишке ашырылышы үчүн шарттарды түзүү болот.