ТОКТОРОВ МЫРЗАБЕК САРЫЕВИЧ

Өмүр баян

Мен, Токторов Мырзабек Сарыевич 1983-жылы 27-июнда  Ош облусунун Алай районунун Кичи-Каракол айылында мугалимдин үй-бүлөөсүндө туулганмын. Үй-бүлөөдө сегиз бир тууганбыз ,төрт уул ,төрт кыз баардыгыбыз жогорку билимдүү. Мен бешинчисимин. 1990-жылы Кичи-Каракол айылындагы  III Интернационал орто мектебинин босогосун аттап, 2000-жылы бүтүрдүм. 2001-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин    Бизнес жана Менеджмент  факультетине  тапшырып, 2006-жылы аяктап, жогорку билимге ээ болдум. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 2007-2018 жылдар аралыгында Кытай, Россия, Казахстан, Кыргызстан мамлекеттер аралык көптөгөн форумдарга катышып, ошол эле мамлекеттерде бизнес менен алектендим. 2022-жылдан тартып WILDBERRIES, OZON маркетплейстеринде ийгиликтүү иш алып барып жатабыз.

Кыргызстаныбызда бир нече иш чараларда активдүү катышып, каржы жагынан да жардам берип келем. Россияда: Москва жана башка шаарларында окуп иштеп эмгектенген Кыргызстандык кээ бир студенттерибизге, өтө муктаж мигранттарыбызга жакындан жардам көрсөтүп, иш менен камсыз болууга, бизнестерин ачууга, туура кесип тандоого жол көрсөтүп себепчи болуп келем.

2018-2025-жылдар аралыгында өзүм туулуп өскөн айылыбыздагы бала бакчага, мектепке, айыл өкмөтүбүзгө жана мечиттерибиздин курулушуна демөөрчүлүктөрдү кылдым. Кыргызстаныбызда жана Россиядагы   Алай Коомунда  өткөн ар бир маданий, спорттук иш чараларга активдүү катышып, демөөрчүлүк кылып, уюштуруу жагына дагы жардам берип келем. Ошондой эле Алай районунда Нур-Тамчы  кайрымдуулук фонду аркылуу көптөгөн муктаж үй-бүлөөлөргө, оорулуу жарандарга жардам берип келдим. 2020-жылдагы COVID19 мезгилинде  өз айылымдагы мүмкүнчүлүгү жок көптөгөн окуучууларыбызды ZOOM тиркемесинде онлайн окууга уюлдук телефондор менен камсыз кылдым. жана мугалимдер менен чоң класстын окуучулары пайдалануусу үчүн ноутбук, түстүү принтер , интернет менен камсыз кылып бердим. Алай районубузда өткөн Алымбек Датка Атабыздын 225 жылдык мааракесинде иш чарага активдүү катышып, ири өлчөмдө өз салымымды кошуп, демөөрчүлөрубүздүн бири болдум. Районубуздагы социалдык жактан өтө муктаж үй-бүлөөлөргө жана мектеп окуучуларына окуу куралдар, кийим-кечелер, азык-түлүктөр, кыш мезгилинде көмүр менен  дагы камсыз  кылып келем. Ошондой эле Кыргызстан боюнча кээ бир оор операцияга муктаж жарандарыбызга финансылык жардам көрсөтүп келем.

Жогорудагы аткарган иштеримдин натыйжасында  мамлекетибизден алган сыйлыктарым Ыраазычылык Баракчалар: №12 Кичи-Каракол  мектепке чейинки билим берүү уюмунан, Токтомамат Жумабаев атындагы №15 орто мектебинен, Уч-Дөбө айыл өкмөтүнөн, Алай райондук мамлекеттик админстрациясы,Ош облусубуздун Президентибиздин Ыйгарым укуктуу Өкүлүнөн, Жогорку Кенештин Төрагасынан.

Үй бүлөөлүмүн. Жубайым Ырсалиева Элнура Толоновна, 4 баланын Ата-энесибиз.