Жүрөгүмдө Кыргызстан!

Урматтуу, Кыргыз элим!!! Урматтуу № 8-шайлоо округунун жашоочулары!

Мен, Токторов Мырзабек Сарыевич №8 шайлоо округунан Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер катары программам төмөндөгүчө:

1.Кыргызстаныбыздын идеалогиясын түптөөгө салым кошуу. Өлкөбүздөгү баардык тармактарды изилдеп, эл аралык, дипломатиялык,экономикалык, социалдык, стратегиялык жактарды эске алып Кыргызстаныбызды кучтүү, туруктуу дүйнөнүн алдыңкы мамлекетине айландыруу аруу-тилек максатым жүрөгүмдө жашап келет.

2.Саламаттыкты сактоо тармагы: Элибизди табигый тамак-аштарды гана пайдаланууга чакыруу, коомчулгубузда дени сак балдардын төрөлүшүнө шарт түзүү, бул тармакта башынан аягына чейин чоң өзгөртүүлөрдү киргизип, элибиздин саламаттыгын, бакубат жашоосун алдыга коюп иш алып баруу.

3.Билим берүү тармагы: Кыргыз элибиздин ар бир жаранын билимдин эркиндигине чыгаруу, акыркы технологияларды эркин башкаруусуна, кыргыз,орус,кытай,англис тилдеринде сүйлөөго багыт берүү. Мектеп окуучулардын, мугалимдердин формаларын билим алууга ыңгайлаштыруу.

4.Миграция тармагы: Мигранттарыбыздын көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, эл аралык мамиледеги кызыкчылыктарды дагы эске алып, пайдалуу жагына чечүү. Албетте бул сфераны дагы терендетип изилдеп кынтыксыз иш алып баруу.

5.Экономика тармагы: . Ата-мекендик табигый азыктардын өндүрүштөрүн көбөйтүү. Жаратылыш кен-байлыктарын жеке компаниялардан мамлекетке өткөрүү,экономикабызды турукташтырууга шарттарды түзүү

  1. Кадр маселеси: Билимдуу адептуу, намыстуу, эмгекчил жарандарыбызды, чыгаан уул-кыздарыбызды адистиктерине жараша жумуштарга орноштуруп өлкобүздү өнүктүрүүгө салым коштуруу. Бул тармакка өзгөчө көнүл болуу себеби, потенциалдары ачылбай көмүскөдө калгандар бар.

         Урматтуу, Кыргыз элим! Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, ар бир мамлекеттик мекемелер менен тажырыйбама таянып, ар тараптуу өнүүгубүз үчүн баардыгы менен кызматташам, элибиз саламат, билим деңгээли эркин  болуусуна , жарандарыбыз жакшы жашоодо жашап, бактылуу өмүр сүрүүсунө аракет кылам. Башкы максатымдын түптөөлүүсүнүн себеби 42 жыл элибиздин арасында жашап, ички жана сырткы миграцияны жон терим менен басып өтүп, көпчүлүк жарандарыбыз көргөн кыйынчылыктарды башыман өткөрдүм! Ушул себептен бүтүндөй Кыргыз журтчулугума, жеңилдиктерди алып келүүгө пайдам тийиш үчүн Жогорку Кенешке аттандым. Мыйзамдарды элибиздин кызыкчылыгына жазып, ар бир жараныбыз келечекке ишенимдүү максаттуу жашоого жеткирүү. Билимимди, тажрыйбамды, элим үчүн болгон тилек максаттарымды ишке ашырууга болгон күчүмдү жумшайм. Намыс үчүн Кыргыз элимди эч бир жерде жер караткан эмесмин,  ушул позициямдан жазбайм! Кыргызстаныбызды-дүйнөнүн сыймыктанган мамлекеттеринин бири кылууга болгон салымдарымды кошуп, бүткүл күч аракеттеримди жумшайм!