Кадыралиева Ыргал Кармышаковна
1981-жылдын 2-августунда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. Ош Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетин жана аталган университеттин аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолун Абдулла Тангатаров атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп баштаган.
Кийин Ош облустук элге билим берүү башкармасында жетекчтөөчү адис, ошондой эле мектеп-гимназияда мугалим болуп иштеген.
Саясий ишмердүүлүгү:
“Биз биргебиз” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү.
Жаштар демократиялык саясий партиясынын лидери.
2010-жылы СДПК саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2012-жылы Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрага орун басары болуп иштеген.
Социалдык саясат комитеттин мүчөсү болгон.
Коомдук-саясий ишмер.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи наамына ээ.