П Р О Г Р А М М А

         Жогорку Кеңештин депутаттыгына №9 шайлоо округунан талапкер

                     Кадыралиева Ыргал Кармышаковнанын программасы

 

  1. Жалгыз бой энелерди колдоо .

Мамлекеттик ипотекалык компания жалгыз бой энелерге турак жайды кезексиз жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берүү маселесин кароого тийиш. Эмгек кодексине жалгыз бой энелер үчүн жумуш шартын жеңилдетүү (баласын багуу үчүн бөлмө берүү, жумуш убактысын кыскартуу ж.б.) боюнча норма киргизүү керек.

  1. Билим берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо.

 Мектепке чейинки жана орто билим алуу укугун бузган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигин мыйзам түрүндө так көрсөтүү зарыл.

  1. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү.

Медицина багытындагы ЖОЖдордо бюджеттик орундарды көбөйтүү, заманбап медициналык мекемелерди куруу, медициналык кадрларды даярдоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо программасын иштеп чыгуу зарыл.

  1. Аялдарга жана жашы жете электерге карата зомбулукту азайтуу.

2024-жылы жашы жете электерге карата 1665 кылмыш катталган, ал эми 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9332 учуру расмий түрдө катталган. Бирок элдин менталитетин эске алганда, бул көрсөткүчтөр реалдуу сандан бир нече эсе жогору экени айкын. Айрыкча сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар көбөйүп, жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн жаш кыздар түзгондугу окунучтуу.

 Андыктан, мындай кылмыштарды азайтуу максатында Конституцияга, Кылмыш жана Жазык-процессуалдык кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизип, аялдарга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу зарыл.