КАНТОРОЕВ КУБАНЫЧБЕК АБЫЛТАЕВИЧ
Мен, Кантөрөев Кубанычбек Абылтаевич, 1957-жылдын 7-ноябрында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кысык-Алма айылында төрөлгөм.
1964-жылы Кысык-Алма сегиз жылдык мектебине окууга барып, 1972-жылы аны аяктадым.
Ошол эле жылы Куршаб айылындагы Ворошилов атындагы орто мектепке кирип, 1974-жылы алтын медаль менен бүтүрдүм.
1974–1977-жылдары Фрунзе шаарындагы телефон байланыш башкармалыгында байланышчы болуп иштедим.
1977-жылдын май айынан 1979-жылдын май айына чейин Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөдүм.
1979–1984-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда окуп, жол инженери адистигине ээ болдум.
1984-жылы Сузак районундагы ДЭУ-22 уюмунда жол мастери болуп иштеп, 1985-жылы Өзгөн районундагы ДЭУ-5 уюмуна которулуп, 1999-жылга чейин жол мастери жана башкы инженер болуп иштедим.
1999-жылдан бери жеке чарбада эмгектенип келем.
Социалдык абалым — пенсионер.