№9 шайлоо округунан КР ЖК депутаттыгына талапкер Кубаныч Кантөрөевдин шайлоо алдындагы Программасынан тезистер

 

Айыл чарбасы

 

Айыл жериндеги майда үлүштөргө бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жерлер түшүмдүүлүгүн жоготуп, натыйжалуулугу төмөндөп калды. Менин максатым — бул жерлерди кооперативдерге бириктирүү аркылуу ирилештирип, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда бир нече миң гектар аянтты камтыган үлгүлүү, заманбап чарбаларды түзүү. Бул – айыл чарбасын өнүктүрүүнүн, элди жумуш менен камсыздоонун жана айылдын экономикасын көтөрүүнүн негизги жолу.

 

Инфраструктура

 

Ош–Бишкек жолунун Ош–Өзгөн бөлүгүнө альтернативалуу жол салуу зарыл. Азыркы учурда автотранспорт агымы өтө чоң болуп, жолдо тыгындар жаралууда, жолго 3 саатка чейин убакыт кетүүдө. Ички жүргүнчүлөр үчүн кошумча жол куруу жана келечекте ал жол аркылуу тез жүрүүчү поезд ишке киргизүү – региондун логистикасын жана туризмин өнүктүрүүгө чоң салым болот.

 

Туризм

 

Өзгөн району — уникалдуу табиятка ээ аймак. Менин демилгем – бул жерде экстремалдык, тоо, жайлоо жана агротуризмди өнүктүрүү, тоолордо эко-шаарчалар менен боз үй комплекстерин куруу. Мындан тышкары, Өзгөн шаарындагы тарыхый мурастарды сактап, аларды асман алдындагы музейге айлантуу зарыл. Имам Сарахси бабабыздын мурастарын жайылтуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, анын эмгектерин мектептердин жана диний окуу жайлардын программаларына киргизүү — улуттук руханий өсүшкө өбөлгө түзөт.

 

Жарандык коом жана коомдук иштер

 

Мен көп жылдан бери жүргүзүп келе жаткан кайрымдуулук иштеринин моделин бүт Кыргызстанга жайылтуу максатым бар. “Күн сайын 1 сомдон” элдик демилгесин улуттук деңгээлге чыгаруу, ошондой эле кайрымдуулук менен алектенген жергиликтүү демилгечил жарандардын Республикалык Альянсын түзүү — бул тармакты системалуу өнүктүрөт. Ар бир кайрымдуулук тыйынынын сарпталышын ачык көрсөтүүчү чоң программа жана тиркеме иштеп чыгуу. Максатым — көчөдөгү селсаяктан баштап Президентке чейин ар ирж араны кайрымдуулукка тартуу, гумандуу жана боорукер коом түзүү.

 

Менин демилгем менен “Ысырапкерчилик боюнча” мыйзам кабыл алынып, ЖК тарабынан колдоо тапкан. Эми анын иштөө механизмдерин өркүндөтүү жана ишке ашырууну камсыз кылуу зарыл.

 

 

 

Ден соолук

 

Таза ой, таза аба, таза суу, таза азык жана таза экология – бул улуттун ден соолугу үчүн негизги факторлор. Мен оорулардын алдын алуу, сергек жашоо образын улуттук идеологияга айлантуу үчүн иш алып барууга ниеттенип жатам. Ар бир жарандын жеңил гимнастика же спорт менен машыгуусун мамлекеттик деңгээлде колдоо — бул ден соолук жана узак өмүрдүн кепилдиги.