ТУРДУБАЕВА ГУЛЬМИРА МАМАЕВНА
Мен Гульмира Мамаевна 1960-жылы 13-январда кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. 1977-жылы орто билимге ээ болгондон кийин Ош шаарындагы бухгалтердик мектебин бүтүргөнмүн, 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетине кирип, 1982-жылы математика адистигине ээ болдум.
Алгачкы эмгек жолумду 1982-жылы Кара-Суу районунун «Учар» орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаганмын. 1992-1999-жылдары аталган мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектендим.
1999-2000-жылдары Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы, 2000-2002-жылдары Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун инновация каанасынын башчысы кызматтарын аркаладым.
2002-2007-жылдары Ош областтык билим берүү башкармасынын мектепке чейинки мекемелер боюнча башкы адиси, мектептер бөлүмүнүн бөлүм башчысы, кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси кызматтарында эмгектендим.
2008-жылдан тартып Ош областынын мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси кызматында иштеп, 2011-жылдан Ош областынын мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмүнүн башчысы кызматын аркаладым.
2013-жылдын май айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы, 2015-жылдын августунан Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектендим.
2016-жылдын май айынан 2016-жылдын 26-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектендим.
2016-жылдын ноябрынан бери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 25-ноябрындагы №1299/4 буйругунун негизинде Ош билим берүү институтунун директору кызматын аркаладым.
2025-жылдын сентябрынан тартып институттун бөлүм башчысы болуп иштеп жатам.
Үй-бүлөлүүмүн, жолдошум экөөбүз 3 уул, 1кызды тарбиялап эрезеге жеткирдик.