МЕНИН ДЕПУТАТТЫК ПЛАТФОРМАМ:
Менин максатым – элимдин жакшы жашоосу, мамлекеттин гүлдөп өсүүсү үчүн кызмат кылуу.
НЕГИЗГИ БАГЫТТАР
- Элге кызмат кылуу:
- Эл менен тыгыз байланышта болуу, тынымсыз жолугушууларды уюштуруу;
- элдин көйгөйлөрүн угуу үчүн толук шарттарды түзүү т.а. райондун борборлорунда, айыл аймактарында дайыма иштеп туруучу штабдарды ачуу;
- элдин ой-пикирин, арыз-муңун электрондук вариантта кабыл алуу үчүн түз байланыштарды уюштуруу;
- элдин үнүн тийиштүү жерлерге жеткирүү аркылуу жаралган көйгөйлөрүн чечип берүү.
- Социалдык маселелер.
А) Билим берүү маселелери:
- Билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү угуу жана ал маселелерди чечүү боюнча Жогорку Кеңеште тийиштүү маселелерди көтөрүп чыгуу (мектеп, бала-бакчалардын инфраструктурасын жакшыртуу, китеп, тех каражаттар менен камсыздоо, ОУКти жакшыртуу);
- бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигин түзүүгө жана бардык билим берүү мекемелерин бирдиктүү платформага интеграциялоо аркылуу маалымат алмашууну жана башкарууну жеңилдетүүгө көмөктөшүү;
- ачык жана жеткиликтүү билим берүү ресурстарын түзүү менен электрондук окуу китептер, видео сабактар, онлайн платформалар аркылуу билимге жетүүнүн жолдорун кеңейтүү;
- билим берүү кызматкерлеринин кадыр-баркын жогорулатуу (сыйлоо, социалдык камсыздоолорду ишке ашыруу үчүн сунуштарды берүү);
- инклюзивдик билим берүүнү коомдо калыптандыруу, аларга бакча, мектеп, жумушчу орундарда толук шарттардын түзүлүшү жөнүндөгү маселелерди кароого коюу.
Б) Медицина тармагындагы маселелер:
- Айыл аймактарында медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл буруу;
- инфекциялык оорулардын алдын алуу маселелерин көтөрүп чыгуу;
- медициналык кызматкерлерге карата зордук-зомбулуктун болушун токтотууга карата иш алып баруу.
В). Жаштар маселеси:
- Айыл жерлеринде жаштарга жумуш орундарынын жетишсиздиги маселесине көңүл буруу;
– жергиликтүү өндүрүштү, ишкерликти колдоо (аз пайыздуу кредиттерди берүү маселесин кароо);
– жаштарга ишкердик боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселесин көтөрүп чыгуу;
– айыл чарбасын жакшыртуу чараларын көрүү (министрликтин эгиндердин түшүмдүү сорттору менен калкты камсыз кылууга сунуштарды берүү).
Г). Аялдар маселеси:
- Аялдардын укуктарын коргоо;
– кыздарыбыздын, эжелерибиздин, энелерибиздин коомдогу ордун, кадыр-баркын жогорулатуу; - айыл жерлериндеги аялдар кеңештеринин иштерин алдыга жылдыруу; - аялдар үчүн жумушчу орундарды түзүү маселесин кароо.
Д). Үй-бүлө маселеси:
– Үй-бүлө мамлекеттин кичинекей бир бөлугү. Ошондуктан үй-бүлөнүн бекемдигин, толук кандуу үй-бүлө болуп калыптануусун камсыз кылуу максатындагы маселелерди мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгуу (жаш үй-бүлөлөргө үй куруу үчүн жер маселесин, ипотекага аз пайыз менен үйлөрдү куруу, үй куруу үчүн аз пайыздуу кредиттерди берүү, жаш үй-бүлөлөрдүн өздөрүнүн бизнестерин баштоосу үчүн атайын мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду иштеп чыгуу маселелерин көтөрүп чыгуу)
- жаштардын жаңыдан пайда болуп жаткан көчөлөрүн жол, таза суу, электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүү
- жаш үй бүлөлөрдүн балдарын бакчаларга кабыл алуусун, пособиелерди алуусунун абалын жакшыртуу сыяктуу маселелерди мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгуу жана ишке ашырылышын камсыздоо.