Мен, Эркинбаева Гульнарахан Джумаковна, 1965-жылдын 31-январында Ош областынын Өзгөн районунун Өзгөн шаарында туулганмын. Атам Эркинбаев Жумак 1991-жылдын 6-декабрында каза болгон, апам Калдарова Бааркан 1998-жылдын 27-июлунда каза болгон. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. 1972-жылы Өзгөн районундагы Куршаб орто мектебине 1-класска барып, 1982-жылы аталган орто мектепти бүтүргөнмүн.
1984-жылы Өзбек ССРнин Ташкент юридикалык техникумуна тапшырып, 1986-жылы ийгиликтүү аяктаганмын. 1986-жылдан 1994-жылга чейин Өзгөн райондук эл сотунун кенсе башчысы болуп эмгектенгенмин. 1988-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик университетинде сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 1994-жылы юрист кесибин алуу ийгиликтүү аяктаганмын.
1995-жылдан 1998-жылдын апрель айына чейин Өзгөн юридикалык консульстациясында адвокат болуп эмгектенгенмин.
1998-жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында оперативдик кызматкер болуп иштеп келе жатам. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору кызматында эмгектенүүдөмүн.
1994-жылы Рахманбердиев Русланга турмушка чыгып (2012-ж. 24-августунда каза болгон), ортодо үч балабыз бар.
Кызым Русланова Мээрим 1994-жылдын 15-июнунда туулган, үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси, адвокат кесибин аркалап келет.
Уулум Руслан уулу Темирлан 1996-жылдын 28-августунда туулган, үй-бүлөлүү, чет мамлекетте эмгектенет.
Уулум Русланов Байтик 2003-жылдын 8-июлунда туулган, бойдок, Италиядагы Миссина университетинин студенти.