ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер
Эркинбаева Гульнарахан Джумаковна 9-аймактык шайлоо округу боюнча
(Өзгөн шаары, Кызыл-Октябрь, Куршаб, Жалпак-Таш, Кароол, Дон-Булак айыл аймактары,
Кара-Суу районунун Савай жана Ынтымак айыл аймактары)
Менин урааным
Мыйзам. Адилеттүүлүк. Коопсуздук. Адамдын укугу — баалуулук.
Менин жашоом прокуратура менен байланышкан — бул кызматта ар дайым намыс, адилеттүүлүк жана мыйзам эң жогору турат.
Мен Жогорку Кеңешке элдин укугун коргоо, мыйзамсыздыкка каршы күрөшүү,
замандын талабына ылайык өнүккөн, ден соолугу чың жана келечекке ишенимдүү коомду түзүү үчүн барам, анда ар бир жаран мамлекеттин камкордугун жана колдоосун сезет.
- Мыйзамдуулук жана жарандарды коргоо
- Мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана бардык жарандар үчүн тең укуктуулук.
- Мыйзамсыздыкка, коррупцияга жана бийликти кыянат колдонууга каршы күрөш.
- Социалдык жактан алсыз жарандардын укуктарын коргоо.
- Прокурордук көзөмөлдү күчөтүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу.
- Эл менен укук коргоо органдарынын ортосунда ишеним түзүү.
- Коопсуз шаар — коопсуз өлкө
- “Коопсуз шаар” долбоорун кеңейтүү: видеокамералар, көчө жарыктары, коопсуз жол өткөөлдөрү.
- Аймактарда коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө системасын киргизүү.
- Замандын талабына ылайык ыкчам жооп берүү механизмдерин түзүү.
- Элдин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана алдын алуу иштерин күчөтүү.
- Инновация жана санариптик өнүгүү
- Мамлекеттик мекемелерде инновациялык ыкмаларды киргизүү.
- “Санарип өкмөт” жана онлайн кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү.
- IT-билимди жана технологиялык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
- Жаштардын стартаптарына жана жаңы долбоорлорго колдоо көрсөтүү.
- Билим берүү жана жаштардын келечеги
- Замандын талабына жооп берген мектептерди түзүү.
- Чет тилдерди жана санариптик сабаттуулукту үйрөтүү.
- Студенттерге чет өлкөдө окуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
- Мугалимдерди жана жаш адистерди колдоо.
- Саламаттык сактоо жана элдин ден соолугу
- Телемедицина жана электрондук бейтап карталарын киргизүү.
- Аймактардагы жарандардын медицинага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
- Алдын алуу жана дени сак жашоо программаларын өнүктүрүү.
- Социалдык өнүгүү жана жарандарга колдоо
- Балдар жана улгайган адамдар үчүн жеткиликтүү чыгармачылык жана өнүктүрүүчү секцияларды ачуу.
- Майыптар, жумушсуздар жана аз камсыз болгон жарандар үчүн билим берүү жана кесиптик өнүгүү курстарын уюштуруу.
- Мамлекеттик колдоо аркылуу алардын өз алдынча жашоосуна жана социалдык интеграциясына шарт түзүү.
- Ар бир адамдын өз күчү менен жашоого мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылуу.
- Маданият жана инсандык өнүгүү
- Маданий борборлорду, китепканаларды жана чыгармачылык уюмдарды колдоо.
- Маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана форумдарды өткөрүү.
- Инфраструктура жана жашоо сапаты
- Ар бир айылга спорт жана эс алуу аянтчаларын куруу.
- Жолдорду, жарыкты жана суу системасын жакшыртуу.
- Жашылдандыруу жана таза айлана-чөйрөнү сактоо.
- Жеткиликтүү турак-жай жана адилеттүү салык
- Ар бир жаран үчүн жеткиликтүү ипотека программасын ишке киргизүү.
- Жаш үй-бүлөлөрдү жана социалдык кызматкерлерди колдоо.
- Салык системасын жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкын кылуу.
Максатым
Мыйзам үстөмдүк кылган, эл коопсуз жашаган, ар бир жаран өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алган Кыргызстанды куруу.
Эл үчүн, мыйзам үчүн, адилеттүүлүк үчүн —
Эркинбаева Гульнарахан Джумаковна