УМАРБЕКОВ БОРОНБАЙ БАИТОВИЧ
Мен, Умарбеков Боронбай Баитович, 1972-жылдын 27-февралында Ош областынын Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
1979-жылы Жаңы-Арык айылындагы М.Калинин атындагы орто мектептин босогосун аттап, 1989-жылы Кара-Суу районундагы К. Жакыпов атындагы мектеп-интернатты күмүш медаль менен бүтүрдүм.
1989-1990-жылдары аталган райондун “Кыргызстан” совхозунда жумушчу болуп эмгек жолумду баштагам.
1990-1992 жылдары СССРдин Ички иштер министрлигинин Ички иштер аскер бөлүгүндө кызмат өтөдүм, аскердик наам –улук сержант.
1992-1997 жылдары Ош Технологиялык Университеттинин информациялык технологиялар факультетинде күндүзгү бөлүмүндө окуп, инженер-программист адистигин артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. Ушул эле жылдан 2002-жылга чейин аталган Университетте инженер-программист, окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектендим.
2002-2006 жылдары турмуш шартка байланыштуу Москва шаарында эмгек мигранты болуп иштеп келдим.
2006-2009 жылдары ОшТУнун “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча окуп бүтүрдүм.
2006-жылдан азыркы убакытга чейин Ош электр тармактар ишканасында бөлүм башчысы, орун басары болуп эмгектенип келем. Ушул мезгилге чейин ишкананын коомдук иштеринде, айрыкча санариптик трансформациялоого өтүүдө активдүү иш алып бардым.
2021-2024 жылдары Улуттук кадрлар резервинде, азыркы күндө регионалдык кадрлар резервинде турам.
Электр тармагында үзүрлүү эмгегим жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтерим үчүн бир нече жолу “Ардак грамоталарга” жана сыйлыктарга ээ болгом.
Үй бүлөөлүмүн. Үч уул, бир кызды татыктуу тарбиялап келебиз.