№ 9 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Умарбеков Боронбай Баитовичтин шайлоо алдындагы программасы
№ 9 шайлоо округунда 7 айыл аймак бир шаар бар. Ар бир айыл аймактын (шаардын) социалдык экономикалык өнүктүрүү программасы болот. Ал айыл өкмөттөрү жана шаардык мэрия менен иштелип чыгып, элдик талкуудан өтүп, жергиликтүү кеңеште каралып бекитилген. Ошол социалдык экономикалык өнүктүрүү программасы кагаз жүзүндө эле калбастан, турмушта кандай ишке ашып жатат, кайсыл багытта иш жүрбөй токтоп калды, себептери эмнеде? Ушуларды анализ кылып, талдап чыгып, ички потенциалдарын эске алып ушул багытта жардамдашып, жакындан көмөктөшүп иш алып барам.
Чакан жана орто бизнести аймактарда колдоо. Ишкерлер экономикабыздын кыймылдаткыч күчү экенин эске алып мамлекет тараптан салык, инвестиция тартуу боюнча колдоону күчтөндүрүү.
Миграция маселеси. Айыл аймактарда миграция (ички жана тышкы) маселеси өтө курч маселе. Мигранттардын көпчүлүгү –жаштар. Алардын өлкөбүздө калып иштөөсүнө баардык шарттарды, жумуш орундарын түзүү. Жаштар биздин келечегибиз. Аларга түзүлгөн шарттар жакшы болсо эртеңкиге ишенимдүү кадам.
Кадр саясатында жаңы кадрдык саясатты иштеп чыгуу. Туура кадрдык саясат жаңы демилгеге, идеяларга бай, ички потенциалы күчтүү, таза кадрлардын мамлекеттик кызматтарга келишине шарт түзөт.
Коррупция менен күрөштү күчтөндүрүү. Коррупцияны түп тамыры менен жок кылуу, мыйзам актыларын күчтөндүрүү, санариптик, блокчейн технологияларын мамлекеттик башкаруу системасында кеңири колдонууну жайылтуу учур талабы экенин эске алып ушул багытта алгылыктуу демилгелер менен чыгып иш алып барам.
Приоритеттүү багыттардан болгон социалдык багытта, социалдык коргоо багыттында, энергетика системасында дагы көптөгөн жакшыртуу, өнүктүрүү боюнча демилге, ойлор, сунуштар бар.