САМАТОВ ЖЫРГАЛБЕК АЛИМБАЕВИЧ
Өмүр баян
Жыргалбек Алимбаевич Саматов 1973-жылдын 11-мартында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Красный Маяк айылында төрөлгөн.
Билими: • 2006-жылы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы П.А. Столыпин атындагы Поволжье мамлекеттик кызмат академиясын аяктаган. • 2008-жылы БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешине караштуу Эл аралык Маалымат Академиясынын (ЭаМА) Чуваш бөлүмүнүн президиуму тарабынан ЭаМАнын академиги болуп шайланган. • 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны бүтүргөн.
Эмгек жолу: • 1992–2009-жылдары ар түрдүү ишкердик менен алектенген.
Саясий ишмердүүлүгү: • 2002–2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болуп иштеген. • 2005–2007-жылдары Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын кеңешчиси болгон. • 2008–2010-жылдары Татарстан Республикасынын Казань шаарында Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу болуп иштеген. • 2009–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында башкармалыктын жетекчи орун басары болуп эмгектенген. • 2010-жылы «Ата-Журт» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. • 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. • 2011-жылы Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин мүчөсү болгон. • 2013-жылы Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси наамын алган. • 2015-жылы Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитетинин мүчөсү болгон. • 2017-жылы Көк Бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган. • 2018-жылы Эл аралык Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы болуп дайындалган.
Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү, жети баланын атасы