ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВДУН ШАЙЛООГО КАРАТА ПРОГРАММАСЫ
Региондорду өнүктүрүү — күчтүү Кыргызстандын пайдубалы
• Ар бир аймакта жумуш орундарын түзүү жана жаштарды жумуш менен камсыз кылуу.
• Ишкерликти жана кайра иштетүү тармактарын колдоо.
Билим берүү — келечекке салым
• Ар бир бала сапаттуу билимге жеткиликтүү болушу керек: мектептерди жаңылоо жана мугалимдердин эмгегин татыктуу баалоо.
• Жаштар үчүн билим берүү гранттарын көбөйтүү, чет өлкөдө окуп келген адистерди тартуу.
Саламаттык сактоо — ар бир үй-бүлөгө камкордук
• Аймактардагы оорукана, ФАП жана медпункттарды заманбапташтыруу.
• Дарыгерлерди региондорго тартуу үчүн колдоо программалары — турак жай, кошумча төлөмдөр жана стимулдар.
Жаштар жана спорт — өлкөнүн эртеңи
• Жаштарды ишкердикке үйрөтүү жана колдоо үчүн мамлекеттик фонд түзүү.
• Спортчуларды эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн колдоо көрсөтүү.
Адилеттүү мыйзамдар — таза келечек
• Мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү, коррупцияны катаал көзөмөлдөө.
• Ар бир чечим коом үчүн ачык жана түшүнүктүү болушу керек.
Туризм — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн булагы
• Озгондун тарыхый мурастарын сактап, туристтик брендге айлантуу.
• Жергиликтүү калкты туризмге тартуу — киреше булагы катары.
• Коопсуз, экологиялык жана маданий туризмди өнүктүрүү.
Жашыл энергетика жана экология — таза келечек үчүн
• Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү: күн, шамал жана суу.
• Аймактардагы таштанды, суу жана аба көйгөйлөрүн чечүү.
• Токой жана жашыл зоналарды көбөйтүү, "жашыл" экономикага өтүү.
Жыйынтык:
Менин максатым — элге кызмат кылган, таза жана жоопкерчиликтүү парламентти түзүүгө өз салымымды кошуу.
Кыргызстандын келечеги — ишенимде, биримдикте жана ар бир жарандын эмгегинде.