НАРМАТОВА ОРОЗАЙЫМ КОЧКОНБАЕВНА
Нарматова Орозайым Көчкөнбаевнанын өмүр баяны
Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна — саясатчы, коомдук ишмер, жеке ишкер, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин төрайымы, "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү.
Ал 1994-жылы 19-февралда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында туулган.
Үй-бүлөсү:
3 бир туугандын кичүүсү. Бир агасы (2021-жылы каза болгон), бир эжеси бар.
Апасы Марапат Акжолова эл агартуу тармагында 30 жылдан ашуун иштеген, коомдук-саясий иштерде активдүү атуул болгон.
Турмушка чыккан.
Билими:
2013-жылы — Москвадагы колледжди бухгалтер-экономист адистиги боюнча аяктаган.
2017-жылы — Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин "Журналистика" адистигин аяктаган.
2023-жылы – Москвадагы “Чакан ишкердиктин борбордук академиясы” институтунун экономист адистиги боюнча аяктаган.
Москва технологиялык институтунун мамлекеттик башкаруу адистигинин ээси болот. Учурда акыркы курста окуп жатат.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2012-жылы — "Мекенчил Жаш" гезитинин Москвадагы кабарчысы;
2013-жылы —"Жаштар коому" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;
2013-жылы — "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү;
2015-2017-жылы — "Мекенчил" саясий партиясынын теңтөрайымы;
2017-жылы — "Менин укугум бар" жана "Мен макул эмесмин" коомдук кыймылдарынын активисти;
2020-жылы — 26 жашында Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" саясый партиясы менен 8-орунда шайлоого катышып, парламентке өткөн. 6-октябрда башталган элдин нааразычылык толкунунда аталган партия парламентке өткөнүнө карабай, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.
2021-жылы — 27 жашында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2022-жылдын 20-январында Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан.
Орозайым Нарматова учурда "Ак-Нур" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү. Аталган коомдук бирикме Орусияда жашап-иштеген Кыргыз жарандарынын улуттук маданиятын, тилин, каада-салтын сактоо, өнүктүрүү максатында иш-чараларды уюштурат.