ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР

ЭЛДИН КЫЗЫ ОРОЗАЙЫМ НАРМАТОВАНЫН

ПРОГРАММАСЫ

 

№10 шайлоо округу

Өзгөн, Кара-Кулжа райондору

 

Мен, Орозайым Нарматова, 31 жашка келип бир гана кыргыз элинин, Өзгөн элинин кызы эмес, сыртта жүргөн мигранттарыбыздын көпчүлүгүнүн да кызы болдум. Жаштыгыма, өйдө-ылдый тагдырыма, эң жакын адамдарымды жоготконума карабай, жашоого да, Мекенимдин өнүгүшүнө да так позициясы бар, тайманбас, жигердүү, жоопкерчиликтүү, ишенимдүү жана кайрымдуу элдин кызы болууга чын дилимден аракеттендим. Москва шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөнүмдө "Жаштар коому" жана "Айымдар" коомдук бирикмелерин негиздеп, жаштар менен кыз-келиндерге колдоо көрсөтүп, кыргыз диаспорасынын жашоосуна жигердүү катышкам. Бул аракетимди мындан ары дагы, Жогорку Кеңештин трибунасынан улантууга аттанып, элимдин батасын сурап, колдоосун күтөм. Элдин кызы депутат болсо, кандай мыйзам, долбоор, учур болсо да, элиме, Мекениме мыкты кызмат кылам деп ишенем. Адатта акылдуу ойлорду саясатчылар айтаарда бөтөн элдин ойчулдарын мисал келтиришет. Мен кыргыз элинин келечегин ойлогон инсандарынын принциптерин колго алып, жалпы ата-бабалар, өзүмдүн чоң ата, таяталарым да айткандай, баары менин ниетиме жана тазалыгыма байланыштуу деп так билем, ошону менен шайлоого катышууну чечтим. Менин куралым ал чындык, калканым ал тазалыгым!

 

Жогорку Кеңештин депутатынын макамына ылайык, менин "Жаш Жүрөк, Таза Ниет" программам мыйзамдарды өркүндөтүүгө; мыйзамдар менен Министрлер Кабинетинин программалары элге так жана тең иштөөсүн көзөмөлдөөгө; эл өкүлчүлүк милдетимди так аткарууга багытталган максаттарымды камтыйт.

 

Социалдык саясат жана маданият

 

Элдин үстүндө чатыры бүтүн, айлыгы туруктуу, ден соолугу чың, сапаттуу билим алуусунда шарты жакшы, үйүндө жарыгы күйүп турса, азык-түлүктүн туруктуу баасы болсо, социалдык саясаттын ишке ашырылуусун жашоо-шартындагы көйгөйлөр жана социалдык инфраструктуранын абалы сыяктуу базалык социалдык көйгөйлөрдүн чечилүүсүндө.

Коомдун социалдык турмушу инсандын маданиятынын өнүгүү деңгээли менен түз байланышта. Коомдун моралдык-нравалык ден соолугун материалдык гана эмес, эл жашаган жердеги маданий чөйрө да аныктайт. Интеллигенция менен маданий чөйрө баш болуп улутка үлгү боло алган чөйрөгө да көңүл бөлүү абзел.

 

Ишкерликти колдоо жана өлкөнүн экономикасын күчтөндүрүү


Жакынкы кошуна өлкөлөр бир жылдын ичинде өз өлкөсүнө 50 миллиард доллар тең ата сүйлөшө алуунун натыйжасында инвестиция алып келүүсүндө, эл өкүлдөрүнүн мыйзамдардын аткарылышынын көзөмөлү күч жана ылайыктуу мыйзамдарды жаратып, жазып берүсүүнө да байланыштуу. Элдин экономикалык абалына көз салган эл өкүлү бир гана мыйзамдардын иштелишине көз салып, тескебей, өзү шайланган аймактын экономикалык абалын тийиштүү аткаминерлерге жеткирүү, парламентте көтөрүү.

 


Тышкы саясат

 

Көп жылдар бою өлкөбүздөн миграцияга агылып кеткен миллиондогон тагдырлаштарыбыздын катарын толуктап, мен дагы Москвада жүрдүм. Мигранттарыбыздын абалы биздин тышкы саясатыбыз менен түз байланышы бар жана алдыңкы ондогон жылдар бул көйгөйдүн алкагында көп мээнет кылабыз. Алардын бакыт, байлык, билим издеп кеткени өлкөнүн, улуттун аксаганына алып келет. Биз өз мекендештерибизди артка кайтарууда олуттуу чечимдерге барып, көңүл буруубуз абзел.

Тышкы саясатка көз чаптырсак, дайыма өлкө жетекчилери протоколдун негизинде гана жолугушууларды жарыялашат. Кандайдыр бир достук же агалык мамиле же меморандум менен чектелбөө үчүн ар бир жолугушуунун натыйжалуулугуна көз салып, туура сунуш бере алууда КМШ өлкөлөрү менен биринчи кезекте ЕврАзЭс, Бажы биримдиги, ШКУ жана ЖККУ аркылуу интеграциялык өнүгүүгө жаңы көз караш; Бажы биримдигине кирген өлкөлөр арасында биздин соода-сатык, мигранттардын ал биримдикте кандай укуктары корголуп жатат, миграция саясаты кандай жүрүүдө бардык мамлекеттер менен теңдик, эки тарапка тең пайдалуу жана эл аралык укук нормаларын сактоого негизделген өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү; Бул жол менен биздин мекендештердин тилеген, аракет кылган ой максаттарына тезирээк жетип, өз өлкөсүнө куржуну толо билим, байлык, тажрыйбалары менен кайтуусун камсыз кылышыбыз керек.