ДЫЙКАНБАЕВ БОЛОТБЕК ЖУСУПОВИЧ

Талапкердин кыскача өмүр баяны:

Мен, Дыйканбаев Болотбек Жусупович 11.01.1979-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында чабандын үй-бүлөсүндө туулганмын. 1986-1996 жылдары жергиликтүү айылынын орто мектебинде окугам. 2003 жылы Ош мамлекеттик универститетинин юриспруденция факультетинин аяктап, “Юрист” адистигине ээ болдум.

Эмгек жолум 1996-2008 жылга чейин соода жана өндүрүш тармактарында жеке ишкерлик менен алектендим. 2008-2009 жылдары “Курманкул Ажы” дыйкан чарбасында жооптуу кызматтарында иштедим. 2009-2010 жылдары Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын башчысы, 2012-2016 жылдар аралыгында Жазы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштедим.

2018-2020-жылдары Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, андан улап 2020 жылында райондук администрациясынын башчысы болуп эмгектендим. 2023-2024 жылдары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун вице -президенти кызматында эмгектендим.

Азыркы учурда, жеке ишмердик менен алектенем жана “Аламан улак федерациясынын” вице-президентинин коомдук иштерин кошо аткарам. Үй-бүлөлүүмүн, 8 балам, 2 неберем бар.