Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

  1. Алыскы айылдардын жана тоолуу аймактардын жашоосун жакшыртуу, республиканын бюджетинен алыскы тоолуу аймактарга финансы каражат бөлүүсүн көбөйтүү.
  2. Ири инвестициялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү элдин кызыкчылыгын сөзсүз эске алуу менен ал долбоорлорго мүмкүн болушунча жергиликтүү жумушчу күчтөрүн көбүрөөк тартуу.
  3. Алыскы тоо аймактарында ири жана кичи өндүрүш ишканаларын ачуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, ички миграцияны жана жаштардын чет өлкөгө агылышын токтотууга аракет кылуу.
  4. Эмгек мигранттарын коопсуз жана туруктуу шарттары бар өнүккөн европалык мамлекеттерге жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу. Бул менен алар көбүрөөк киреше табуу гана эмес, дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбаларды үйрөнүп, мекенине алып келип ишке ашыра алышат.
  5. Мамлекеттин суу саясатын кайрадан карап чыгуу. Суу — бул келечектеги эң маанилүү ресурстардын бири. Ал жакынкы жылдары мунай менен газдан да баалуу болот. Борбор Азия аймагында суу ресурстарын газ жана күйүүчү май менен адилеттүү алмашуу формуласы иштелип чыгышы зарыл.
  6. Кичи ГЭСтерди өнүктүрүү, суу сактагычтар, дамбалар жана тосмолорду куруу. Сууну көбүрөөк топтоп, жайкысын сугат үчүн тартыштыкты болтурбоо.
  7. Кыргызстандын тоо туризмин өнүктүрүү, анын ичинде Алайку жана Кара-Шоро аймактарында жаңы туристтик багыттарды ачуу. Кара-Кулжа району аркылуу өтө турган Чоң-Алай – Өзгөн стратегиялык автожолун куруу.
  8. «Жашыл дүйнө» долбоорунун алкагында мамлекеттик деңгээлде өлкө боюнча дарактарды жана бадалдарды отургузуу демилгесин көтөрүү. Тоолордун экологиялык тазалыгын жана жаратылыштын тең салмактуулугун сактоо.
  9. Кыргыз тилин өнүктүрүү жана колдоо ар бир жаран үчүн сыймык жана милдет болушу керек. Мамлекеттик тил саясатын чыңдоо жана күчтөндүрүү.
  10. Кыргыз элинин нукура салт-санаасын жана үрп-адаттарын даңазалоо, улуттук баалуулуктарга өзгөчө маани берүү жана жаш муундарды ошол рухта тарбиялоо.
  11. Жаңы улуттук идеологияны түзүү зарыл, ал Кыргызстанды күчтүү мамлекетке айлантат. Эски заман кетти – ойгонуу жана жаңылануу мезгили келди!

 

Эл менен, эл үчүн — жаңы Кыргызстан үчүн!