АТТОКУРОВ АЗРЕТ АЛИ АКЫЛБЕКОВИЧ

АТТОКУРОВ АЗРЕТ АЛИ АКЫЛБЕКОВИЧ 1988-жылы 19-апрелде Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулуп өскөн. 2006-жылы Ош шаарындагы №14 “СССРдин 60 жылдыгы” атындагы орто мектебин аяктаган.

Улуту: кыргыз

Билими:

2006 – 2012-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинде юриспруденция адистиги боюнча окуган.

2012 – 2015-жылдары Ош Мамлекеттик университетинде Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит багыты боюнча билим алган.

2015 – 2025-жылдары Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясында окуп, Мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты адистигинин ээси болгон. 

Мамлекеттик жарандык кызматтын II класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

Азрет Али Аттокуров жогорку окуу жайында окуп жаткан мезгилден тартып билимин практикалык негизде айкалыштырып, кесиби боюнча иштей баштаган. Ал 2011-2012-жылдары “АККА-Авиация Сервис” деп аталган ЖЧКда юрист болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

2012 – 2014-жылдары  «ИНТЕК» ЖЧКсында юрист;

2014 – 2015-жылдары “АККА-Кейтеринг” ЖЧКсында юрист, андан соң Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Архив-маалымат бөлүмүндө жетектөөчү адис, кечиктирилгис иш-кагаздар менен камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

2015 – 2017-жылдары “Аттокур-Ата” ЖЧКсында юрист;

2017 – 2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттын консультанты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын консультанты жана Жогорку Кеңештин депутаттык фракциясынын катчылыгынын эксперти кызматтарында эмгектенген.

2018-жылдын декабрынан тарта азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын алгач, Аналитика, методология жана эл аралык байланыш бөлүмүндө эксперт жана Социалдык жана курчап турган чөйрөнүн чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүндө эксперт, ал эми акыркы жылдары Аудит өткөрүү боюнча башкармалыгында мамлекеттик инспектор кызматында үзүрлүү иштеп келди.

Азрет Али Аттокуров 2022-жылы КРнын Эсептөө палатасынын Ардак грамотасы жана 2023-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.