Азрет Али Аттокуровдун                                                                                                                                                                шайлоо алдындагы Программасы

Мен, Аттокуров Азрет Али – Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошууну каалаган, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун калкынын үнүн угуп, көйгөйүн чечүүгө даяр жаш муундун өкүлүмүн. Менин максатым – аймагыбыздын өнүгүүсүнө реалдуу салым кошуу.

Биздин аймакта жаштар тегиз билим алып, жумуш менен камсыз болуп, сапаттуу жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ошондой эле, ар бир үй-бүлө туруктуу киреше таап, ар бир айылдын жашоочулары  таза суу, жол жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болушу шарт.

Кара-Кулжанын жана Өзгөндүн жаштары – демилгелүү жана мекенчил. Мен алардын саясий жана экономикалык активдүүлүгүн колдойм. Жаштардын демилгеси – өлкөнүн келечеги!

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫ

  • Жаштардын сапаттуу билим алуусун камсыз кылуу (стипендия, гранттар, чет өлкөлөргө практика программалары);
  • ЖОЖдор менен мекеме-ишканалардын кызматташтыгын күчөтүү (студент иш тажрыйбасын билим алып жаткан кезден алуусу керек);
  • Билим алууну каалаган жаштарга мамлекеттик банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү;
  • Кара-Кулжа жана Өзгөндө жаштар борборлорун түзүү, спорт жана маданий долбоорлорду колдоо.

ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК

  • Аймактардагы чакан жана орто бизнеске салык жеңилдиктери;
  • Туризмди өнүктүрүү: Кара-Кулжанын тоолору, Өзгөндүн тарыхый мурастары – жергиликтүү киреше булагы болуш керек.

ЖОЛ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРА

  • Кара-Кулжа жана Өзгөндүн алыскы, жетүүгө кыйын аймактарындагы жолдорду жасоо;
  • Тоолуу айылдарга электр, мобилдик байланыш жана интерннет жеткирүү.

АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА АЙМАКТЫК ӨНҮГҮҮ

  • Дыйкан жана мал чарбачылыгына жеңилдетилген насыялар, субсидиялар;
  • Кара-Кулжанын балы, Өзгөндүн күрүчү сыяктуу аймактык бренддерди экспортко чыгаруу;
  • Сугат суу, ирригация жана жол көйгөйлөрүн чечүү.

ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ЖАШОО САПАТЫ

  • Таза сууга муктаж бир да айыл, кыштак калбашы керек;
  • Бардык аймактарда, анын ичинде алыскы, жетүүгө кыйын айылдарда да мектеп, бала бакча, ооруканалар курулуп, заманбап жабдыктар менен камсыздалышы керек;
  • Жашыл энергия долбоорлорун жайылтуу.

 

Мен, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсүп, жакынкы жылдары кубаттуу мамлекетке айланарына терең ишенем!