ОМУРЗАКОВ СУЙУНБЕК АБДЫЛДАЕВИЧ

 Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

 

Мен, Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич,1968-жылдын 1-июлунда Ош областынын, Кара-Кулжа районунун, Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн, Сай айылында төрөлгөнмүн.

1976-жылдан тартып Кызыл-Жол орто мектебинде окуп, 1985-жылы аталган мектепти аяктаганмын. 1985-жылы А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1989-жылы дене тарбия мугалими адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаганмын.
1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында Польша Элдик Республикасында кызмат өтөгөнмүн. Андан кийин 1989-жылдын декабрынан тартып, Белорусиянын Минск шаарында кайгуул күзөт кызматында кызмат өтөгөнмүн. 1992-жылы Белорусиянын ИИМ Академиясына тапшырып, “юриспруденция” адистиги боюнча 1996-жылы аяктаганмын.

1996-жылы ИИМ Академиясын бүтүргөндөн кийин, Минск шаарында Белорусия Республикасынын ИИМнин ИИБнин Транспорттогу милициясынын опер кызматкери болуп иштегенмин. 1996-жылы ноябрь айында өз каалоом менен запаска бошогонмун.

1997-жылы январь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Ош шаарында ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөгөнмүн. 1998-1999-жж. Ош областтык ички иштер башкармалыгынын ага опер кызматкери болуп иштегенмин.

1999-2000-жж. Баткен областындагы Кадамжай районунун кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысы, андан кийин 2000-2001-жж. КР ИИМнин Ош жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкери кызматтарын өтөгөнмүн.

2002-2005-жж. Өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага опер кызматкери, ошол эле башкармалыкта ИИМдин Түштүк аймактар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын үчүнчү, андан кийин экинчи бөлүмдөрүнүн жетекчиси болуп иштегенмин.

2005-2006-жж. Ош ШИИБинин начальнигинин орун басары кызматында болгонмун. 2006-2008-жж. ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча региондук башкармалыгынын начальниги, түштүк аймагы боюнча, ошол эле учурда ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары кызматтарын өтөгөнмүн.

2008-2009-жж Жалал-Абад областынын ИИБнин начальнигинин орун басары, Ош шаарынын ИИБнин начальнигинин орун басары кызматтарын ээлегенмин.

2009-2010-жж. Ош областынын ИИБнин Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 2010-ж. бир нече кызмат орундарында иштегенмин: Кыргыз Республикасынын ИИМнин баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын башчысы, Ички иштер министринин орун басары, уюшкан кылмыштуулукка жана КМШнын аймагындагы кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун директорунун орун басары.

2011-2012-жж. Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россиядагы өкүлү болуп иштегенмин. 2012-жылдын январынан Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматын ээлегенмин.

2013-2016-жж. Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыктын башчысы болуп эмгектенгенмин.

2016-2021-жж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп кызмат өтөдүм.

2021-ж.  декабрь айынан тартып, азыркы убакытка чейин Кыргыз Рсепубликасынын Жогорку Кеӊешинин VII- чакырылышынын депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин төрагасы кызмат ордунда эмгектенип келем.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасымын.