Урматтуу №10 шайлоо округунун шайлоочулары!
Кара-Кулжа, Өзгөн райондору — Кыргызстандагы жаратылышы кооз, тарыхы терең, эли ынтымактуу жана эмгекчил келген берекелүү, ар улуттун өкүлдөрү бири-бирине болгон сый-урмат менен кылымдар бою бир туугандай жашап келишкен өзгөчө аймак.
Бирок, ошону менен катар Советтер союзу тарап, өлкөбүз эгемендикти алгандан бери бул аймакка жетишээрлик көңүл бурулбагандыктан чечилбей келген маселелер, бир катар социалдык-экономикалык жана башка көйгөйлөр дагы бар.
Мен ушул жерде төрөлүп-өсүп, аймагыбыздын артыкчылыктуу тармактарын, ошону менен катар орун алган көйгөйлөрүн терең түшүнгөн адам катары, көп жылдык мамлекеттик кызматта жана турмуш жолумда топтогон тажрыйбамды эл кызматына арноо менен, аталган маселелерди чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүү үчүн депутаттыка талапкерлигимди көрсөтүп жатам.
Менин башкы максатым — депутаттык ыйгарым укуктарымдын алкагында ушул аймактын экономикасын, инфраструктурасын өнүктүрүү, карапайым калктын жашоо сапатын жакшыртуу, жетишээрлик деңгээлде социалдык жактан камсыздоону уюштуруу жана ар бир жаран өз айлында бакубат жашап, иштешине шарт түзүү!
Ушуга байланыштуу менин Программамдын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Жумушсуздукту жоюу менен ички миграцияны азайтуу жана айылдарды ар тараптан өнүктүрүү:
- аймактык экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу, ар бир айылдын дараметине жараша кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү;
- чет элдик жана ички инвесторлорго жагымдуу шарттарды (бажылык, салыктык, административдик, ж.б.) түзүү менен жаңы жумуш орундарын ачууга көмөк көрсөтүү;
- аймактар ортосундагы транспорттук жана соода-сатык байланыштарын күчөтүүгө шарт түзүү;
- айыл чарбасын модернизациялоо, ири фермердик чарбаларды колдоо (техника, субсидия, логистика аркылуу), кооперативдерди түзүү, дыйкандарды бириктирип, продукцияны биргелешип өндүрүүгө жана сатууга шарт тзүү;
- жергиликтүү эмгек рыногунун талабына жараша адистерди даярдоого шарт түзүү;
- жаштар жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
- жаштар үчүн “Өз айылыңда иштеп, өнүгүүгө салым кош!” долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калк менен тыгыз иштешүүсүн камсыз кылуу.
- Аймактагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу менен ар бир баланын татыктуу билим алуусуна шарт түзүү:
- мектептердин материалдык-техникалык базаны чыңдоо, имараттарды оңдоо жана бардык гигиеналык-санитардык шарттары бар жаңы окуу жай имараттарын курууну камсыз кылуу;
- мектептерди интернет жана санарип жабдуулар менен (планшет, ноутбук, интерактивдүү доска ж.б.) камсыз кылуу;
- мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, аларды каржылык жана моралдык жактан колдоого (кошумча сый акы, атайын төлөмдөрдү кигизүү, турак-жай менен камсыз кылуу) шарт түзүү;
- окуучулардын билимге кызыгуусун арттыруу үчүн ар кандай олимпиадаларды, конкурстарды жана чыгармачылык иш-чараларды уюштуруу, алардын жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктарды уюштуруу;
- эне тилде билим берүү менен катар чет тилдерди окутууну күчөтүү, так илимдер, IT сабактарын аймактарга кеңири жеткирүүгө шарт түзүү.
- Аймактагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин талаптагыдай уюштурууга жана калктын жеткиликтүү медициналык кызмат алуусуна шарт түзүү:
- аймактык оорукана, ФАП, амбулаториялардын имараттарын оңдоо жана жаңыларын куруу, заманбап медициналык жабдуулар (УЗИ, лабораториялык аппараттар, рентген, ж.б.) менен камсыз кылуу;
- “Тез жардам” кызматтарын атайын жабдылган автоунаалар жана заманбап байланыш каражаттары менен камсыз кылуу;
- ооруканаларда санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүүчү заманбап шарттарды түзүү;
- медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга шарт түзүү, жаш адистерди жумушка тартуу жана аларды турак-жай менен камсыз кылуу, кошумча сый акыларды киргизүү, атайын социалдык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кароо.
- көчмө медициналык кызматтардын (мобилдик клиника) ишин уюштуруу, алыскы айылдарга барып калктын саламаттыгын жок дегенде бир жылда бир жолу текшерүүнү камсыз кылуу;
- балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеңилдиктерди кароо;
- аймактарда дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
- Аймактагы калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүү:
- жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү,
- аймактагы таза суу жана ирригация системаларын жакшыртуу;
- айылдарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана жарыктандыруу;
- айылдарды жеткиликтүү санарип жана интернет байланышы менен камсыз кылуу;
- турак жай жана социалдык объекттерди куруу.
- Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, жаштарды, аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоону жакшыртуу, социалдык жөлөкпулдардын көлөмүн жогорулатуу:
- аялдар үчүн кесип үйрөнүү курстарын уюштурууга көмөк көрсөтүү (тигүү, тамак-аш өндүрүү, чакан бизнес);
- жаштар жана аялдар үчүн коомдук уюмдарды түзүүгө көмөк көрсөтүү (лидерлик, бизнес, укук боюнча);
- микрокредиттик уюмдар аркылуу жеңилдетилген бизнес насыяларын берүүгө шарттарды түзүү;
- аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, аларга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча ишти күчөтүү, аялдар үчүн акысыз укуктук жардам кызматтарын уюштуруу;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекет тарабынан колдоого жакшы шарттарды түзүү;
- көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында атайын турак-жай менен камсыз кылуу программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү (пенсия, жөлөк пул, калкты каттоо ж.б.).
- Сапаттуу айыл-чарба продукцияларын өндүрүүгө жана аларды кайра иштетүүгө толук кандуу шарттарды түзүү менен жашыл экономиканы өнүктүрүү:
- айыл-чарба жана кайра иштетүү тармагында иштеген адистерди даярдоо үчүн билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты камсыз кылуу;
- органикалык (химиясыз) айыл чарбасын өнүктүрүү менен айыл чарба продукцияларын кооперативдик негизде өндүрүүгө шарт түзүү;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, кампаларды жана транспорттук-логистикалык борборлорду курууну камсыз кылуу;
- айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларга салыктык жеңилдиктерди жана гранттарды берүү аркылуу мамлекеттик колдоону күчөтүү;
- суу ресурстарын башкаруу жана ирригацияны жакшыртуу;
- аймактагы өндүрүлгөн продукцияларды сыртка экспорттоо үчүн ички жана тышкы керектөөчүлөрдү изилдеп, тиешелүү байланыштарды түзүүнү камсыз кылуу;
- Жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында, мамлекеттик программанын алкагында аймактарда жеткиликтүү жана арзан ипотекалык турак-жайлардын курулушун ишке ашырууга шарт түзүү:
- ипотекалык турак жай курулушуна жер тилкелерин бөлүү жана инфраструктура менен камсыз кылуу (электр жарыгы, таза суу, жол, канализация, интернет, ж.б.);
- ипотекалык каржылоону жеткиликтүү кылуу, мугалимдерге, дарыгерлерге, жаш үй-бүлөлөргө атайын жеңилдиктерди берүү жана аларга ипотека үчүн баштапкы төлөмдү субсидиялоо программасын ишке киргизүү.
- Аймактагы экотуризм тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүү:
- экотуризм үчүн жаратылыш жана маданият объекттерин инвентаризациялоо;
- жергиликтүү туризм инфраструктурасын өнүктүрүү, туристтик багыттоочу белгилерди, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, туристтик маршруттарда санитардык шарттарды түзүү (дааратканалар, таштанды чогултуу, медициналык, коопсуздук чаралары ж.б.);
- туризмди жайылтуу жана жарнамалоо, аймактын туристтик брендин түзүү, социалдык тармактарда баракчаларды, видео контент даярдоо, ички жана чет элдик туроператорлор менен кызматташуу түзүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн негизги багыттар боюнча алдыга койгон пландарды ишке ашыруу максатында, бул тармактарда зарыл болгон мыйзам долбоорлорун демилгелөө менен тийиштүү мамлекеттик органдарга өз убагында тапшырмаларды берип, алардын мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө менен бирге убадалардын аткарылышын камсыз кылуу – менин шайлоочуларымдын алдындагы жоопкерчиликтүү милдетим.
Мындан тышкары, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, маданиятты колдоо, улуттук идеологияны бекемдөө, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү багытында активдүү иш алып барып, мамлекетибиздин ар тарптуу жалпы өнүгүшүнө өз салымымды кошмокчумун.