КАРАШЕВ ААЛЫ АЗИМОВИЧ
Аалы Азимовичтин кыскача өмүр баяны
Мен, Карашев Аалы Азимович, 1968-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында туулгам.
1985-жылы алтын медаль менен Өзгөн шаарындагы В.И. Ленин атындагы №2 орто мектепти бүтүргөмүн.
Эмгек жолумду 1985-жылы Өзгөн районундагы КЗОСС НПО "Табак" чарбасында эсепке алуу боюнча техниктен баштагам.
Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык диплом менен бүтүрүп, андан кийин аспирантурада окуп, окуу жайда окутуучу болуп иштедим. 1996-жылы кандидаттык диссертациямды жактап, тиешелүү илимий даража алдым.
1996-1999-жылдары республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясында жана жергиликтүү жамааттардын Конгрессинде иштедим.
1999–жылдан 2007–жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ар кандай кызматтарда иштедим, анын ичинде 2007-жылдан баштап уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы болдум.
2007-2009 – жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы – губернатор болуп эмгектендим.
2009-2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси болдум.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик, аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордунда иштедим.
2011-жылы биринчи Вице-премьер-министр болуп дайындалдым.
2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп иштедим.
2015-2017-жылдары биринчи вице-премьер–министр, андан кийин-Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары кызмат ордунда эмгектендим.
Ал эми 2017-жылдын 1–февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты мандатын алып 2021-жылдын декабрына чейин иштедим.