Карашев Аалы Азимовичтин шайлоо алдындагы программасы
Экономикада
Салык салуу – ишкердикти стимулдаштыруунун ачкычы болуп саналат. Бул рационалдуу, жөнөкөй жана түшүнүктүү болуш керек.
Ар бир салык төлөөчү акчасы кайда жумшалып жатканын билиши, салыктар ар кандай максаттарга жумшалбашы зарыл.
Эл төлөп жаткан салыктарынын жыйынтыгын көрүшү маанилүү. Салык төлөөчүлөрдүн акчасына социалдык объектилер: оорукана, мектеп, бала бакча, спорт аянтчалары курулуп жатабы же жашылдандыруу иштери жүрүп жатабы?
Ишкерлердин ишмердүүлүгүн ашыкча көзөмөлгө алуу туура эмес. Ишкерлер аягы тыйылбаган инспекторлордун текшерүүлөрүнө алаксыбай иштеши керек.
Айыл чарба тармагында
Айыл чарбасы Кыргызстандын экономикасынын негизи. Максат – айыл чарба тармагын заманбап технологиялар менен камсыз кылуу, дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетүү, айыл тургундарынын жашоосун жакшыртуу.
Айыл чарба министрлигинин ишинин негизги багыттары төмөндөгүлөр болууга тийиш:
- продукцияны сатууда (экспорттоодо) айыл эмгекчилерин колдоо;
- башка өлкөлөрдүн ири шаарлары же региондору менен өкмөттөр аралык деңгээлде фьючерстик келишимдерди түзүү (белгиленген баада пландаштырылган продукцияны сатып алуу жана сатуу).
Мамлекет жалпысынан төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген кредит берүүнү, субсидиялоону, айыл чарба техникасын лизингге берүүнү андан ары өнүктүрүү;
- айыл чарба продукциясын жана эко, био жана органикалык продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- балчылык продукциясын, анын ичинде табигый балды өнүктүрүүгө жана экспорттоого өзгөчө колдоо көрсөтүү;
- азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана өлкөнү күнүмдүк керектелүүчү негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Айыл жерлеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу маанилүү:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багыттоо:
- тургундарга кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн шарттарды түзүү;
- кызматтарды санариптик форматта алуу системасын киргизүүгө көмөктөшүү;
- жолдордун абалына, электр жарыгына, суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруу;
- калктуу конуштардагы жашоонун сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик жана жеке демилгелерди колдоо.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук алдында ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу:
- жарандардын иши жөнүндө маалымат;
- маанилүү чечимдерди кабыл алууда жергиликтүү жамаат менен кеңешүү;
- коомчулукка отчет берип туруу;
- аймактарды өнүктүрүү програмаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга калкты тартуу.
Заманбап сапаттуу билим берүү
Билим берүү өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болууга тийиш. Билимдүү, кесипкөй, иш билги жаштар өнүккөн Кыргызстанды курат.
Ага жетишүү үчүн билим берүүнүн сапатын жана анын жеткиликтүүлүгүн төмөнкү кадамдар аркылуу жогорулатуу зарыл:
- мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү жана окутуучулукка квалификациялуу кадрларды тартуу. Мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү, алардын жашоо-шартын жакшыртуу, кадыр-баркын көтөрүү аракеттерин улантуу;
- бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелерин компьютерлер, электрондук китептер жана окуу китептери, окуу куралдары менен камсыз кылуу;
- билим берүү мекемелерин үзгүлтүксүз жана акысыз интернет менен камсыз кылуу;
- өсүп келе жаткан муундун жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзамдарды алдыга жылдыруу;
- айрыкча, аймактардан келген айыл жана шаар жаштары үчүн бюджеттик орундардын санын көбөйтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек.
Үй-бүлөнү социалдык жактан колдоо
Кыргызстанда бир катар социалдык программалар ишке ашырылууда. Бирок, үй-бүлөнү колдоо, аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо өңдүү маселелерге жетишерлик көңүл бурулбай келет.
Айыл жерлериндеги үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү үчүн төмөнкү негизги багыттарга күч-аракет жумшоо керек:
- кайсы топтордун (балдар, кары-картаңдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелгендер) көбүрөөк колдоого муктаж экенин туура аныктап, аларга колдоо көрсөтүү;
- жалгыз бой, көп балалуу энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү;
- көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жеткиликтүү билим берүүнү колдоо.
Ден соолук жана тазалык
“Дени сак улут – күчтүү мамлекет” дегендей, улуттун саламаттыгы мамлекет тарабынан көңүл бурула турган артыкчылыктуу багыттардын бири болууга тийиш. Бардык аймактарда, анын ичинде алыскы, жетүүгө кыйын айылдарда да мектеп, бала бакча, ооруканалар курулуп, заманбап жабдыктар менен камсыздалышы керек.
Айылдык ооруканаларга квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, аймактарда медициналык кадрларды кармап калууга колдоо көрсөтүү (турак жай, эмгек акы ж.б.) абзел.
Ичүүчү суунун тартыштыгына дуушар болгон калктуу конуштар өнүккөн айылдар менен бирдей шартта таза суу менен камсыз болушу зарыл.