ШАЛТАКОВА ГУЛБУ ЧАЛОВНА

Талапкердин кыскача өмүр баяны:  Шалтакова Гүлбү Чаловна, 1968‑жылы 22-февралда Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылында туулгамын.

Билим жана кесиптик даярдык:

  • 1983‑ж. Ак-Кыя атындагы мектебинин 8‑классын «жакшы» (отлично) деген баа менен аяктаган.
  • 1983‑1986-ж.ж. Жалал-Абад медициналык атайын орто окуу жайын жалпы бөлүмдө билим алып, ийгиликтүү аяктаган.
  • 1986‑1993ж.ж. Ош областынын Кара-Кулжа (Совет) районундагы оорукананын терапия бөлүмүндө медайым болуп эмгектенген.
  • 1993‑1994-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык клиникалык оорукананын
  • сосуддук хирургия бөлүмүндө операциондук медайым болуп иштеген.
  • 1994‑ж. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо факультетине тапшырган.
  • 1998-ж. Ош мамлекеттик университетине которулуп, 2001‑ж. «Дарылоо» адистиги боюнча «эң жакшы» (с отличием) деген баа менен бүтүп “Кызыл дипломго”- ээ болгон.
  • 2001‑ж. Жалпы хирург адистигинде (анестезиология жана комбустиология курсун камтыган) ординатурага тапшырып ийгиликтүү аяктаган.
  • 2003‑ж. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын хирургия кафедрасында (№ 1) аспирантурага өткөн.
  • 2006‑ж. Кыргыз-Россия Славян университетинин Д‑730.0001.03. диссертациялық кеңешинин алдында кандидаттык диссертациясын күн тартибинде жактап, эрте корутундуга жетишкен.
  • 2006‑ж. Кыргыз-Славян университетине госпиталдык хирургия кафедрасынын докторантурасына кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын пластикалык-реконструкциялык микрохирургия жана кол хирургия бөлүмүндө эмгектенип баштаган.
  • 2008‑ж. Кыргыз-Россия Славян университетинин илим-инновация борборунда улук илимий кызматкер болуп иштеген.
  • 2009‑2010-ж.ж. Тиешелүү борбордо илимий улук жетекчи (ведущий) кызматта болгон.
  • 2009‑2010-ж.ж. Пластикалык-реконструкциялык микрохирургия жана кол хирургия окуу борборун негиздеп, окутуучу доценттин милдетин аткарган.
  • 2010‑2025-ж.ж. Лазер технологиялар медициналык борборунун негиздөөчүсү жана ишмер башчысы, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курсунун лазер медицинасы боюнча доценти болуп эмгектенген (курстун негиздөөчүсү катары).
  • 2017‑ж. Жоопкерчилиги чектелген коомдун «Лазмед» клиникасынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп азыркы учурга чейин эмгектенет. Ошондой эле, медицина илимдеринин кандидаты (к.м.н.), доцент болуп, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда лазер медицина бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.
  • 2025-ж. ”КЫРГЫЗСТАНДЫН 100  ЛИДЕР-АЙЫМЫ” даярдоо жана квалификацияны жогорлатуу программасын ийгиликтүү аяктаган.