№10 Кара-Кулжа шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер Шалтакова Гүлбү Чаловнанын
ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ
Дени сак эл - күчтүү мамлекет!
Ар бир жаранга жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз медициналык кызмат көрсөтүү, алардын ден соол
угун чыңдоо максатында төмөнкүдөй багыттарда өзгөчө иш жүргүзүлөт:
- Аймактык ооруканаларды ФАПтарды ачуу, аларды заманбап жабдуулар, лабораториялар менен камсыз кылуу;
- Көчмө медициналык бригадаларды, мобилдик лабораторияларды түзүү менен тез жардам жетпеген бийик тоолуу жана алыскы аймактарга медициналык кызмат көрсөтүү.
- Төрөт курагындагы жана көп балалуу аялдарга атайын медициналык жардам көрсөтүү, төрөттөн кийинки реабилитациялоо кызматтарын киргизүү.
- Кыргызстанда өскөн дары чөптөрдү чет өлкөгө чыгарбастан, аларды коромжу кылбастан улуттун баалуулуктары катары мыйзам кабыл алып, жеринде плантацияларды өнүктүрүп, кайра иштетүүчү фарм-заводдорду куруу жана зыянсыз дары-дармектерди чыгаруу.
- Мал чарбачылыгы күчтүү өнүккөн айылдарда альвеококкоз, эхиноккоз жана башка зооноздук оорулардын алдын алуу, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана массалык контролду жайылтуу.
- Балдарды вакцинациялоодо вакциналарды кылдаттык менен текшерүү, сапаттуу жана коопсуз препараттарды колдонуу.
- Превентивдик (алдын алуу) медицинаны өнүктүрүү – аз кандуулук, жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулардын, кант диабетинин, туберкулёздун жана вирустук оорулардын алдын алуу боюнча скринингдик жана профилактикалык программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
- Ар бир жаранды, айрыкча аялдарды жана балдарды зордук-зомбулуктан коргоо, гендердик теңдикти камсыз кылуу жана үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосуна шарт түзүү;
- Жарандардын кызыкчылыктарын эске алып, ОМС (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу) түрлөрүн иштеп чыгуу, калктын аярлуу катмарына жеткиликтүүлүгүн жана дарылоодо жеңилдик берүүнү камсыздоо.
Элимдин таза ден соолугу жана жаркын келечеги – менин максатым!