КАСЫМОВА НУРЗИДА АБАБАКИРОВНА
Талапкердин кыскача өмүр баяны кыргыз тилинде:
Касымова Нурзида Абабакировна 1983-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында төрөлгөн. 2005-жылы Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетин аяктап, биология жана химия мугалими адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун Ош мамлекеттик университетинин “Ботаника” кафедрасында лаборант болуп иштөөдөн баштап, кийин Кара-Кулжа районундагы Ш. Жээнбеков атындагы таланттуу балдардын интернат-лицейинде биология мугалими болуп иштеген. 2010-жылы үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүндө, 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде эмгектенип, учурда Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Алкышы”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
Үй-бүлөлүк абалы - жолдошу, 4 кызы бар.