Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.А. Касымованын шайлоо алдындагы программасы

 

Бир максат, бир эл, бир келечек!

 

Кыргызстандын өнүгүүсү – элдин биримдиги, жарандардын жоопкерчилиги жана иш менен далилденген аракет аркылуу камсыздалат. Программанын негизги максаты – билим берүү, экономика жана социалдык тармактарда туруктуу өнүгүүгө жетишүү, ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү жана мамлекетке болгон ишенимди бекемдөө. Эл ишенген жерде адилеттик бар, ал эми биримдик бар жерде — келечек бар.

Менин программам – Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасын аткарууну коштогон мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө жана реалдуу демилге аркылуу ишке ашырууга багытталат.

  1. Билим берүү тармагы

Мамлекеттин негизги байлыгы — анын жаратылыш ресурстары эмес, билимдүү жана ишке жөндөмдүү жарандары. Адам капиталы өнүкпөй туруп, эч бир өлкө туруктуу өнүгүүгө жетише албайт. Билим берүү – бул экономиканын, технологиянын жана коомдун өсүшүн камсыз кылган эң маанилүү инвестиция. Азыркы учурда билимдүү муун тарбиялоо – мамлекеттин  коопсуздугу менен келечегинин кепилдиги.

Учурда ар бир балага сапаттуу билимдин жеткиликтүү болушун камсыздоо – негизги максат. Билим берүүнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн төмөнкү конкреттүү иш-аракеттерди сунуштайм:

  • билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттен каржылоону көбөйтүү боюнча мыйзамдык демилгелерди көтөрүү;
  • мугалимдердин эмгегин баалоо жана социалдык статусун жогорулатуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • балдарга милдеттүү түрдө 3 жаштан баштап мектепке чейинки билим берүүнү киргизүү;
  • аймактардагы мектептерди жана бала бакчаларды инфраструктуралык жактан жакшыртуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун колдоо;
  • санариптик билим берүү системасын өнүктүрүү, STEM жана инновациялык багыттагы билим берүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүү;
  • билим берүү тармагын колдоого жеке ишкерлердин социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында “Бизнестен билимге” долбоорун сунуштоо (ири жана орто компаниялар жылдык кирешесинин белгилүү пайызын билим берүү тармагын колдоого бөлөт);
  • жаш адистерди айылдык билим берүү уюмдарына тартуу үчүн стимулдук программаларды мыйзамдаштыруу. Бул аракеттер билимдин сапатын көтөрүп, өлкөнүн адам капиталынын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет.
  1. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо

Негизги максат: калктын жашоо узактыгын, медициналык тейлөөнүн сапатын жана социалдык адилеттикти жогорулатуу. Ал үчүн:

  • “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамын өзгөртүү – ар бир район үчүн мамлекеттик кепилдик программасын киргизүү жана дарыланууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
  • “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамын кеңейтүү – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды толук камтуу;
  • майыптыгы бар жарандардын укуктарын жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган мыйзам долбоорун сунуштоо;
  • пенсия жана жөлөкпулдарды инфляцияга жараша индексациялоо боюнча мыйзам сунуштоо.
  1. Экономикалык өнүгүү жана индустриялаштыруу

Аймактардын өндүрүш мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн “Индустриялык аймактар жана технопарктар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдойм. Аймактарда жаңы өндүрүш зоналарын ачып, импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоону камсыздай турган “Аймактык өнөр жай фондун” түзүү зарыл деп эсептейм. Ошондой эле жеңил өнөр жай, тамак-аш, курулуш жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн мыйзамдык стимулдарды киргизүү аркылуу жергиликтүү өндүрүшкө дем берүү керек. Мамлекеттик сатып алууларда улуттук өндүрүүчүлөргө артыкчылык берүү боюнча мыйзам кабыл алуу менен ички өндүрүштү колдоо жана экономиканын туруктуу өсүшүнө жетишүү – менин ишенимдүү максаттарымдын бири болот.

  1. Аялдардын ишкердигин жана экономикалык тең мүмкүнчүлүктү камсыздоо
  • “Аялдардын экономикалык укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдоо: аялдарга жеңилдетилген насыялар, салык жеңилдиктерин киргизүү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларда аялдар жетектеген ишканалар үчүн квота же артыкчылык каралышы;
  • айылдык аялдардын ишкерлигин колдоо үчүн укуктук негиз түзүү, үй-ишкерликке уруксат берүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу;
  • коопсуз азык-түлүк: кургатылган жемиш, камыр азыктары, бал, сүт азыктары, жашылча туздоо ж.б. өндүрүү, Кыргызстандын бренди менен тигүү, кол өнөрчүлүк, сайма, оймо, чыптама, баш кийим жасоо менен аймактык продукцияларды шаарга же чет өлкөгө жеткирүү, онлайн сатуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууну мыйзамдаштыруу зарыл.
  1. Жаштарды колдоо, миграцияны азайтуу жана жумуш орундарын түзүү, айылдарды өнүктүрүү

Аймактарда жаштар үчүн туруктуу жумуш орунунун жетишсиздиги жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши ички жана тышкы миграцияны күчөтүүдө. Жаштардын бизнеске, жаңы кесиптерге жана санариптик көндүмдөргө жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, айылдардын өнүгүүсү жай жүрүүдө. Ошондуктан төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:

  • “Жаштар жөнүндө” мыйзамды өзгөртүп, айыл жана аймактарда жаштарга жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду күчөтүү;
  • ички миграциянын (айылдан шаарга же чет өлкөгө кетүүнүн) ордуна, айылдарда жана региондордо туруктуу жумуш орундарын мыйзам жолу менен стимулдаштыруу;
  • жаштарга чакан бизнес жана стартап программаларын мыйзам түрүндө бекитүү: жеңилдетилген насыялар, бизнес-инкубаторлор;
  • улуттун келечегин бекемдөөгө шарт түзгөн – Жаштардын үй-бүлө институтун чыңдоо;
  • “Айылды өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү”концепциясын ишке ашыруунун алкагында айыл тургундарынын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, жаштарга жаңы кесип жана санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү, кооператив жана чакан ишканаларды түзүү, айыл ичиндеги социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, мамлекеттик жана эл аралык программалар менен кызматташууну күчөтүү.
  1. Туризмди өнүктүрүү жана маданий ресурстарды активдештирүү багыты боюнча

Туризмди өнүктүрүүдө эл арасында негизги көйгөйлөр — жолдордун начар абалы, тазалык жана коопсуздук шарттарынын жетишсиздиги, маалыматтык көрсөтмөлөрдүн жоктугу, ошондой эле жергиликтүү калктын туристтик кызмат көрсөтүү боюнча билими менен мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү болушу. Аймактарда табигый жана маданий ресурстар (тоолор, булактар, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, боз үйлөр) мол болгону менен, аларды иштетүүчү инфраструктура жана каржы булактары жетишсиз. Ошондуктан мыйзамдык колдоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ушул мүмкүнчүлүктөрдү ишке айлантуу зарыл.

Туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө мыйзамдык жана каржылык негиз түзүүгө өз салымымды кошом. Туризм тармагындагы ишкерлер үчүн салыктык жана административдик жеңилдиктерди караган мыйзамдарды демилгелөө, мамлекеттик бюджеттен туристтик багыттагы жолдорду, коопсуздук жана санитардык объектилерди жакшыртууга каражат бөлүнүшүн колдоо, ошондой эле өкмөттүн бул багыттагы иштерин парламенттик көзөмөл аркылуу натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу — менин конкреттүү иш багытым болот.

Аны менен катар ар бир жаран жыл сайын бир көчөт отургузууга милдеттендирген “Бир адамдан – бир көчөт” жашылдандыруу демилгесин мыйзам түрүндө бекитүүнү сунуштайм. Бул экологияны коргоо менен бирге жаратылыш ресурстарын сактоого жана коомдук жоопкерчилик маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

  1. Туруктуу өнүгүү, Улуттук программа менен шайкеш башкаруу жана калктын муктаждыгына карап мыйзам чыгаруу

Талапкер катары менин программам туруктуу өнүгүүнүн улуттук максаттарына шайкеш, элдин турмушуна түз таасир эте турган мыйзамдарды иштеп чыгууга багытталат. Башкарууда ачыктык жана жоопкерчилик принцибин кармануу менен, ар бир чечимди калктын реалдуу муктаждыгына, аймактардын социалдык-экономикалык өзгөчөлүгүнө ылайык кабыл алуу зарыл.

Мисалы, шайлоодо тең атаандаштыкты камсыздоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү (1000 агитатор алуу талабын жокко чыгаруу, бул чара каражаттык жана административдик теңсиздикти жоюп, бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзөт);

Кесиптик этиканы сактоо, ички маданиятты жогорулатуу чараларын күчөтүү тартибин жөнгө салуу.

 

Биздин ишеним бекем:

Бир максат – өлкөнү өнүктүрүү,

Бир эл – биримдикте жашоо,

Бир келечек – туруктуу Кыргызстан!