ЗУЛУШЕВ КУРМАНКУЛ ТОКТОРАЛЫЕВИЧ
Талапкердин кыскача өмүр баяны: Зулушев Курманкул Токторалыевич 1970-жылы
12-февралда Ош дубанына караштуу Өзгөн аймагынын Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими жогорку. Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда катардагы жумушчу болуп баштаган. 1988-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган.
1998- 1999 – жылдары Ош технологиялык университетинде мугалим, декандын орун басары болуп эмгектенген.
2000-2001-жылдары Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы, Нарын райондук прокуратурасынын стажер-тергөөчүсү;
2001-жылдан 2005 –жылга чейин Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасынын тергөөчүсү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы;
2005-2007-жылдар аралыгында Чүй облусунун Жайыл районундук прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Транспорт прокурорунун ага жардамчысы.
2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
2013-2014-жылдары Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
2015-2020-жылдар аралыгы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
2020-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматын аркалаган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.