КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР К.Т.ЗУЛУШЕВДИН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ
ПРОГРАММАСЫ:
Кыргызстаныбыз, бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон жарандары келечекке ишенимдүү караган өлкө. Дүйнө ыкчам өзгөрүүлөргө учурап, андан келип чыккан татаал чакырыктар ар бир өлкө үчүн коркунучтарды жаратып, жаңы демилгелер менен чечимдердин кабыл алынышы жана алардын кечиктирилбей жүзөгө ашырылышы заман талабы болууда. Мамлекетибиз ѳз жарандарына бакубут жашоону, ишенимдүү келечекти камсыз кылып бере алат, ага бардык шартыбыз бар деген ишенимдемин.
Негизги принциптерим:
- Улуттук кызыкчылыктарды коргоо;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо;
- Кандай кырдаал болбосун өлкө кызыкчылыгын жогору коюу;
- Салттуулук менен жаңычылдыкты айкаштыруу.
- Мыйзам үстөмдүгү! Укуктук тартип! Адилеттүүлүк!
Максатым:
- Кыргызстандын жалпы элинин коопсуздугун, мыйзамдын аткарылышын, Конституцияда белгиленген укуктарды, эркиндикти камсыз кылуу;
- Жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган саясий, экономикалык, социалдык, саламаттык сактоо жана укуктук чаралардын комплексин жүргүзүү;
- Мүмкүнчүлүктөр теңдиги. Анын ичинде укуктук жана саясий теңдик.
Кандай иш кылбайлык – түпкү максат, түпкү милдет – биздин кыргызстандыктын, биздин ар бир жарандын кызыкчылыгы, анын таттыктуу жашоосуна шарт түзүү.
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ: Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагы акыркы жылдары олуттуу өнүгүү этаптарын баштан өткөрдү. Бирок кадрлардын, анын ичинде аймактардагы адистештирилген дарыгерлер менен медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги, оорукана жана поликлиникалардын материалдык-техникалык базаларынын эскиргендиги, медициналык камсыздандыруунун натыйжасыздыгы жана санариптик маалымат системаларынын интеграцияланбагандыгы тармактын натыйжалуулугуна терс таасир этүүдө.
Калкка сапаттуу, жеткиликтүү жана заманбап медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу, улуттук саламаттыкты сактоо системасын эл аралык стандарттарга шайкеш деңгээлге жеткирүү үчүн төмөнкү багыттар артыкчылыктуу болуп саналат:
- санариптик медициналык системаларды (EHR, e-Health, телемедицина) өнүктүрүү;
- аймактык медициналык борборлорду модернизациялоо жана инфраструктураны жаңылоо;
- бирдиктүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү;
- медициналык кызматкерлердин кесиптик дараметин жогорулатуу;
- мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- медициналык инфраструктураны эл аралык стандарттарга ылайык жаңылоо;
- медицина тармагындагы коррупцияны жана системалык монополияны жоюуга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
Максатым: — мамлекеттик жана жеке өнөктөштүккө негизделген, санариптик маалымат системалары менен туташкан, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап саламаттыкты сактоо инфраструктурасын түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ: Билим берүү – мамлекеттин өз жарандарынын алдындагы конституциялык милдети жана моралдык жоопкерчилиги. Келечек муунду улуттук духта тарбиялоо бала бакчадан башталат:
- бала бакчалар үчүн бирдиктүү мамлекеттик стандартка жооп берген билим берүү жана тарбиялоо программасын иштеп чыгуу, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде бала бакчалардын санын көбөйтүү;
- заманбап билим берүү стандарттарына ылайык жаңы окуу куралдарын иштеп чыгуу жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоо жана кыргыз тилиндеги окуу материалдарын, оюндук жана өнүгүүчү контенттерди түзүү жана жайылтуу;
- айылдык мектептерди техника жана интернет менен камсыздоону күчөтүү, санариптик билим берүү платформаларын өнүктүрүү;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана айыл жергесине барган педагогдорго стимул берүү (турак-жай, кошумча акы, социалдык пакет);
- STEAM билим берүү (Science, Technology, Engineering, Arts, Math) ыкмаларын киргизүү жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ваучердик колдоо системасын киргизүү;
- инженердик билим берүү багыттарын өнүктүрүү жана жаштардын инновациялык технологияларды өздөштүрүүсүн стимулдаштыруу;
- балдардын психологиялык өнүгүүсүн изилдеген Улуттук институт түзүү.
Максатым: сапаттуу билимге жетүүнүн теңдигин камсыз кылуу, педагогдордун аброюн көтөрүү жана билим берүү системасын эмгек рыногунун реалдуу талабына шайкеш келтирүү.
ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЛИМАТ: Ар бир мамлекеттин стратегиялык максаты – атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык жана туруктуу экономиканы түзүү болуп саналат.
Кыргызстандын экономикасына мүнөздүү көйгөйлөр: импортко көз карандылык, инвестициялык климаттын туруксуздугу, айыл чарбанын технологиялык артта калуусу, өндүрүш тармагынын натыйжасыздыгы, бюрократиялык тоскоолдуктар жана ашыкча текшерүүлөр.
Мындай шартта экономикалык саясаттын негизги багыты – мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү жана чакан, орто бизнести өнүктүрүү үчүн туруктуу укуктук негиз түзүү.
Башкы багыттар:
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- инвестициялык климатты жакшыртуу жана укуктук кепилдиктерди күчөтүү;
- өндүрүш жана өнөр жай тармактарын кайра жандандыруу;
- айыл чарбасын модернизациялоо жана органикалык продукция өндүрүшүн колдоо;
- “Сандан сапатка” мамлекеттик программасын кабыл алуу;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кошумча нарк кошуу аркылуу экспорттук потенциалды жогорулатуу;
- айыл чарба каржылоо системасын өнүктүрүү жана кооперацияларды колдоо;
- туризмди, өзгөчө экотуризм жана агротуризм багыттарын өнүктүрүү.
Максатым: улуттук экономиканы туруктуу өсүү траекториясына алып чыгуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактардын потенциалын натыйжалуу пайдалануу.
МИГРАЦИЯ САЯСАТЫ ЖАНА ЭМГЕК РЕСУРСТАРЫ: Мамлекеттин негизги байлыгы — анын жарандары. Эмгекке жарамдуу калктын чет жакка кетиши мамлекеттүүлүктүн алсырашына алып келүүдө. Учурда чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллионго жакын. Алардын акча которуулары экономиканын маанилүү булагы болгону менен, бул көз карандылык улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат.
Миграция саясатынын стратегиялык негизинин жоктугу, маалыматтык жана укуктук колдоонун жетишсиздиги мигранттардын укуктарын бузууга алып келүүдө. Эмгек мигранттарынын чет өлкөлөрдө укуктарынын корголбой жатышы, социалдык камсыздандыруунун жоктугу, үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу жана балдардын психологиялык көйгөйлөрү, анын ичинен балдардын эне мээримин, ата тарбиясын көрбөй өсүүсү, жумушка жарамдуу, илим-билимдуу жаштарыбыздын башка өлкөлөргө кетип жатышы, экономикалык көз карандылыкка (өлкө экономикасы мигранттардын акча которууларына көз каранды болбошу керек) алып келүүдө. Ошондуктан:
- Эмгек миграциясын жөнгө салуучу улуттук стратегияны иштеп чыгуу;
- Мигранттар үчүн укуктук, маалыматтык жана социалдык колдоо борборлорун түзүү;
- Реинтеграция программаларын ишке киргизүү;
- Чет мамлекеттер менен эки тараптуу келишимдерди күчөтүү;
- Аймактарда жумуш орундарын түзүү жана жаштардын кесиптик билимин өнүктүрүү;
- «Ачык миграция» маалымат платформасын ишке киргизүү;
- «Эмгек консулу» институтун киргизүү зарыл.
Биз мигранттардан каражат эмес, акыл, тажрыйба инвестициясын талап кылалы!
КАДРДЫК САЯСАТТЫ ЖАҢЫЛОО: Кадр саясаты — мамлекеттик башкаруунун сапатын аныктаган негизги фактор. Кадрларды тандоодо тууганчылык, кландык байланыштар эмес, билим, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик негизги критерий болушу керек.
Башкы багыттар:
- мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин жана компетенциясын жогорулатуу;
- Мамлекеттик кадр кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана координациялоо функциясын бекемдөө;
- министрликтерде жана ведомстволордо кадр бөлүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
- электрондук кадр системасын (e-HR) ишке киргизүү;
- эл аралык стандарттарга ылайык кадрларды башкаруунун санариптик моделин түзүү;
- кесиптик өнүгүү борборлорун уюштуруу жана эл аралык тажрыйбаны интеграциялоо;
- аймактык деңгээлдеги кадр саясатын күчөтүү жана жергиликтүү кадрларды колдоо.
Максатым: компетенттүү, ак ниет жана элге кызмат кылган мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун калыптандыруу.
УЛУТТУК МАДАНИЯТ ЖАНА РУХАНИЙ ӨНҮГҮҮ: Улуттук маданият — бул кыргыз элинин ар-намысы, адилеттүүлүгү, айкөлдүгү жана эмгекчил рухун камтыган улуу мурас. Ааламдашуу жана санариптешүү шартында маданий өзгөчөлүктөрдүн жоголушу улуттук баалуулуктарды жоготуу коркунучун жаратат.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” мамлекеттик программасынын алкагында:
- билим берүү, маданият жана маалымат тармактарында улуттук баалуулуктарды жайылтуу;
- санариптик мейкиндикте улуттук баалуулуктарды чагылдырган контентти өнүктүрүү;
- жаштар үчүн улуттук духтагы китептерди, мультфильмдерди жана көркөм тасмаларды чыгаруу;
- телевидение жана социалдык тармактарда улуттук баалуулуктарды чагылдырган медиа долбоорлорду колдоо;
- тарыхый жана маданий мурастарды сактоо;
- мектептерде “Улуттук тарбия”, “Кыргыз дүйнө таанымы”, “Элдик мурас” сабактарын киргизүү;
- мугалимдер үчүн улуттук педагогика жана руханий баалуулуктар боюнча атайын даярдоо программасын иштеп чыгуу.
Максатым: улуттук өзгөчөлүктү сактап, руханий жана патриоттук тарбия аркылуу келечек муунду биримдикке үндөө.
МЫЙЗАМДУУЛУК: Мамлекеттин күчү — мыйзамга жана жарандык жоопкерчиликке болгон урматта. Мыйзам үстөмдүгү, адилеттик жана жоопкерчилик — мамлекеттүүлүктүн негизи. Ошондуктан:
- укук коргоо жана сот органдарын реформалоо;
- коррупцияга каршы күрөштө жаза сөзсүз жана адилеттүү болушу;
- ар бир жарандын кайрылуусу онлайн көзөмөлдөнүшү;
- соттун көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
- ачык жана жеткиликтүү юридикалык жардам системасын өнүктүрүү;
- “Ачык укук” платформасын ишке киргизүү;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана аялдарга акысыз юридикалык колдоо көрсөтүү;
- “Коопсуз регион” жана “Коопсуз шаар” системаларын өнүктүрүү;
- киберкылмыштарга жана санариптик коркунучтарга каршы технологиялык чараларды киргизүү.
Максатым: мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылган, ар бир жараны корголгон жана мамлекетке ишенген укуктук коом түзүү.
Кортунду
Бул программа биринчи кезекте жакынкы жана орто мөөнөттүү максаттарга жана реалдуу натыйжаларга жетүүгө багытталган ошондой эле эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, түзөтүүлөрү үчүн ачык.
Кыргызстан жарандардын, менчик ээлеринин, жеке ишкерлердин, инвесторлордун жана укуктук мамилелердин башка катышуучулары Конституция тарабынан кепилдикке алынган укуктарын камсыздаган, дүйнөлүк цивилизациянын бардык стандарттарына жооп берген үлгүлүү өлкөгө айландырууга Кыргыз Республикасынын жараны катары өз салымымды кошууга даярмын!