ЭРКЕБАЕВ ШҮКҮРБЕК МАМАЗАКИРОВИЧ

Талапкердин мурдагы шайлоолорго катышуусу
(шайлоо күнү жана аталышын көрсөткүлө): 2020-жылы - "МЕКЕНЧИЛ" саясий партиясы, 2021-жылы  - "АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН" партиясы.

Талапкердин кыскача өмүр баяны:

          Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович, 1971-жылы 19-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылдык кеңешинин Тегерек-Саз айылында туулган. 1978-жылы Ажыке ​​орто мектебинин 1-классына кирип, 1985-жылы 7-классты аяктаган. Ошол эле жылы Кара-Кулжа айылындагы Ф.Е.Дзержинский атындагы мектеп-интернатынын 8-классына барып, 1986-1988-жылдары Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернатында окуп, аны ийгиликтүү аяктаган.

1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Аскердик наамы: сержант.

1992-1993-жылдары Оштогу текстиль комбинатында мастердин жардамчысы, андан кийин мастер болуп иштеген. 1993-жылдан бери Алымбек датка Эл казынасында адис, андан кийин аткаруучу директор болуп иштеген. 2017-жылы Жалал-Абад (Манас) шаарындагы Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бакалавр даражасын алган. Адистиги: юрист.

Үй-бүлөлүү, беш уулдун атасы.

2010-жылда  “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү. 2020-жылда «Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү жана анын аппарат жетекчиси. 2021-жылда «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.

Учурда убактылуу жумушсуз.