Талапкердин шайлоо программасы:
- Социалдык чөйрө жана инфраструктура
- Калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, социалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга жана айыл аралык жолдорду, ФАП, мектеп, бала-бакчаларды заманбап инфраструктурада курууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү.
- Туризм, спорт жана инвестиция
- Туризм менен спортту экономикалык өсүштүн негизги факторлору катары өнүктүрүү, ошондой эле аймакка ички жана тышкы инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
- Карылар жана жаштардын саясаты
- Улгайган жарандарга кам көрүү, жаштардын демилгесин колдоо жана мекенге болгон сүйүүнү, патриоттук сезимди бекемдөө аркылуу коомдун биримдигин чыңдоо.
- Коррупция жана кайдыгерлик
- Мамлекеттик жана коомдук тармактарда таза, адилеттүү иш жүргүзүүнү камсыз кылуу, коррупцияны жоюу жана жарандардын кайдыгерлигин азайтуу аркылуу жоопкерчиликтүү коом түзүү.
- Айыл жана суу чарбасы
- Дыйкандарды колдоо, суу ресурстарын туура пайдалануу, айыл чарбасын өнүктүрүү.