КАРАБЕКОВА КЫЗЖИБЕК СОВЕТОВНА

Мен, Карабекова Кызжибек Советовна, 1972-жылдын 25-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Март айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам. Атам Карабеков Совет — айыл чарба тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар жетекчи, совхоздун башкармасы жана агроном болуп эмгектенген, кийин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери болгон. Апам Карабекова Касиет — үй кожойкеси, балдарын тарбиялоого жана үй-бүлөнүн ынтымагына өмүрүн арнаган мээнеткеч адам болгон.

Жогорку билимди 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Колдонмо математика факультетине тапшырып, 1996-жылы университетти бүтүрдүм. Билимимди улантуу максатында, 1999-жылы Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун күндүзгү аспирантурасына тапшырып академик М.Иманалиевдин жетекчилиги астында 2002-жылы окууну аяктадым. Ал эми 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин аяктап, юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимге ээ болдум.

Эмгек жолумду 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп баштап, кийин улук окутуучу болуп иштедим. 2008-жылдан тартып ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында ар кыл жооптуу кызматтарда иштеп келем. Улук консультант, эксперт, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы кызматтарын аркалап мыйзам чыгаруу процессине түздөн-түз катышып, мыйзам долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы экспертизаларды жүргүзүп келгем. Ошондой эле Министрлер Кабинети менен Жогорку Кеңештин Мыйзам долбоорлор жаатында өз ара мамилелерин чыңдоого салым кошуп келгем жана Жогорку Кеңештин кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанцияларда Жогорку Кеңештин өкүлү катары катышып келгем. Жогорку Кеңештин комитетинин бөлүмүндө укуктук, талдоо иштерин жүргүзүү, уюштуруу ишин камсыз кылуу функцияларын аткарып келгем.

“Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган. Эмгегим мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Юстициянын мыкты кызматкери", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчилүү сааты, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси, “Офицердин жубайы”жана “Ардактуу асыл апа” медалдары жана башка сыйлыктар менен бааланганмын.

Өзүмдү мыйзам чыгаруучу бийликтин өзөгү болгон Жогорку Кеңеште көп жылдык иш тажрыйбасы бар, жогорку билимдүү, кесипкөй, жоопкерчиликтүү, эл жана мамлекет үчүн кызмат кылууга ар дайым даяр, демилгелүү жана принципиалдуу адис катары мүнөздөйм.