Менин максатым — элдин үнүн бийликке жеткирүү. Чыныгы өзгөрүү үчүн мыйзамдык деңгээлде чечимдерди сунуштап, элдин көйгөйлөрүн Жогорку Кеңешке алып чыгууга даярмын.

Менин программам элдин үнүн угууга, элдин муктаждыгына жооп берүүгө жана реалдуу өзгөрүүгө багытталган. Өзгөчө басым Сузак округуна мүнөздүү көйгөйлөрдү так аныктап, аларды натыйжалуу чечүүгө жасалат.

Эгерде Сиздер, урматтуу Сузак округунун тургундары, мага ишеним көрсөтсөңүздөр, мен төмөнкү 7 негизги багыт боюнча иш алып барам:

 

ПРОГРАММАНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ:

  1. ИЧҮҮЧҮ СУУНУН МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ – Жаңы суу түтүктөрүн куруу, эскилерин оңдоо, эл аралык долбоорлорду тартуу.
  2. СУГАТ СУУ ЖАНА ИРРИГАЦИЯНЫ ЖАКШЫРТУУ – Каналдарды реконструкциялоо, насостук станцияларды оңдоо, сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча агартуу.
  3. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫН КОЛДОО

– Мектептерди жана бала бакчаларды оңдоо, медициналык тейлөөнү жакшыртуу, жергиликтүү дарыгерлерди колдоо.

  1. ЖАШТАР ЖАНА АЯЛДАР ҮЧҮН ИШ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ТҮЗҮҮ

– Кесиптик билим берүү борборлору, чакан бизнеске насыялар, жергиликтүү демилгелерди колдоо.

  1. ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ

– Жолдорду оңдоо, электр жана интернет жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, коомдук транспорт маселесин чечүү.

  1. ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДАН КОРГОНУУ

– Кооптуу аймактарда жашаган элди коопсуз жайларга көчүрүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдык.

  1. ЭЛ МЕНЕН АЧЫК ПАРЛАМЕНТТИК БАЙЛАНЫШ

– Эл менен жолугушуулар, мыйзамдарды элдин муктаждыктарына жараша иштеп чыгуу, бюджеттин ачык-айкындуулугу, коррупцияга каршы туруу.

 

ПРОГРАММАНЫН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ:

✅ Элге багытталган башкаруу
✅ Ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик
✅ Адилеттүүлүк жана бирдей мүмкүнчүлүк

✅ Коопсуздук жана туруктуулук
✅ Ишеним — негизги күч!

 

Жыйынтык сөз:

Урматтуу Сузак окуругунун эли!

Сиздердин ишенимиңиздер — мен үчүн чоң жоопкерчилик. Сиздер менен бирге иш алып барып, аймакты өнүктүрүүгө, мыйзамдуу жол менен көйгөйлөрдү чечүүгө даярмын.

Жогорку Кеңеш — бул элдин үнү угулган жер болушу керек. Сиздердин үн — менин үнүм болот.

 

Добушуңуз маанилүү!
☑ Карабекова Кызжибек Советовнага добуш бериңиз!