КУРМАНАЛИЕВА ЖЫЛДЫЗ КОЧКОРАЛИЕВНА
Мен, Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна, 1981-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын Ош облусунда жарык дүйнөгө келгенмин.
Атам Курманалиев Кочкорали Лейлек жана Сузак райондорунун бир нече колхоз, совхоздорунда башкарма болуп эмгектенип, азыркы күндө ардактуу эс алууда.
Апам Нарматова Орозбү өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда.
Мен 1997-жылы орто мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып, 2002-жылы юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөм.
Эмгек жолумду 2002-жылы Жалал-Абад шаардык жана облустук сотунда катчы-машинист, сот отурумунун катчысы болуп баштагам. 2009–2020-жылдары Жалал-Абад шаары, Сузак, Московский жана Чүй райондорунда мамлекеттик нотариус кызматында иштедим. 2020–2021-жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинде башкы адис болуп эмгектендим. 2021-жылдын апрель айынан 2022-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы, 2022-жылдын март айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп келем.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинен “Кошкон салымы үчүн” медалы, Юстиция министрлигинен Ардак грамотасы, “Кызматташтык салымы үчүн” медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынан “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдон “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалдары менен сыйланганмын.
Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Бердалиев Мэлис кесиби боюнча юрист. Эки кыз бир уулду тарбиялап келебиз.