Өлкөнүн экономикалык өсүшүнө байланыштуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурула баштады. Сузак жана Базар-Коргон райондорунда бул жаңы маданий жана социалдык объектилердин курулушунда, ошондой эле айыл чарба, транспорт жана өндүрүш тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн.
Билимимди, тажрыйбамды жана пайда келтирүү каалоомду жетекчиликке алып, өзүмдүн кичи мекениме жана бүткүл кыргыз элине кызмат кылууга арноо чечимин кабыл алдым. Сузак жана Базар-Коргон райондорунун социалдык, агрардык жана инфраструктуралык маселелерин чечүүгө салым кошуп, аймакты өнүктүрүүгө жана анын тургундарынын жыргалчылыгын жогорулатууга умтулам.
Ушуга байланыштуу мен депутаттыкка талапкерлигимди көрсөтүп, шайлоо алдындагы программамдын негизги багыттары катары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Социалдык-экономикалык тармак боюнча:
- айыл жерлеринде жумуш орундарын түзүү (жергиликтүү ишкерлерге, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү);
- жаштарды колдоо (жаштардын ишкерлигин, билим алуусун жана адистикке ээ болушун колдоо, кесиптик билим берүү борборлорун өнүктүрүү).
- аялдарды, балдарды коргоо, социалдык аярлуу катмардагы, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо (аялдардын ишкерликке катышуусуна көмөктөшүү, жалгыз бой энелерге, социалдык аярлуу катмардагы, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жардамды күчөтүү);
- жергиликтүү бюджеттин кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзүү (ишкерликти өнүктүрүү аркылуу аймактык бюджетке түшкөн кирешени көбөйтүп, анын эсебинен социалдык объекттерди каржылоо).
- Аялдарга жана балдарга зордук-зомбулукту азайтуу боюнча:
- мыйзамдарды күчөтүү, кризистик борборлорду түзүү;
- акысыз юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүү
- Агрардык секторду өнүктүрүү боюнча:
- дыйкан жана фермерлерди колдоо (субсидияларды, арзан насыяларды жеткиликтүү кылуу, жер семирткичтерди жана айыл чарба техникаларын, жабдыктар менен куйуучу жана майлоочу майларын жеңилдетилген шартта арзан баа менен алууга көмөк көрсөтүү);
- аймактагы сугат суу маселесин чечүү (сугат суу системаларын калыбына келтирүү жана жаңы каналдарды куруу);
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сатуу (чакан жана орто ишканаларды куруу, ички жана тышкы рынокторго чыгарууну колдоо, логистика жана сактоо инфраструктурасын түзүү);
- кооперативдерди өнүктүрүү (айыл чарба кооперативдерин түзүүгө шарт түзүү жана биргелешкен иш алып барууну стимулдаштыруу);
- Айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча:
- жол маселеси (райондордун айылдарына кирген жолдорду капиталдык оңдоого жана жаңы жолдорду курууга көңүл буруу);
- таза суу маселеси (айылдардагы таза суу көйгөйүн чечүү максатында жаңы суу түтүктөрүн, скважиналарды куруп, эскисин оңдоо);
- байланыш тармагы (интернет жана уюлдук байланыш сапатын жакшыртуу, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү).
- Билим берүүнүү тармагы боюнча:
- мектептердин материалдык-техникалык базаны чыңдоо, интернет жана санарип жабдуулар менен камсыз кылуу;
- мугалимдерди каржылык жактан колдоо (кошумча сый акы, турак-жай менен камсыз кылуу).
- Медициналык тармагы боюнча:
- аймактык ооруканаларды, саламаттык сактоо мекемелерин заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу;
- ооруканаларда санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүүчү заманбап шарттарды түзүү;
- жаш адистерди жумушка тартуу, аларды социалдык жактан колдоо.
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеңилдиктерди кароо.
Учурда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун өсүшү да чоң тынчсызданууну жаратат. Бул көрүнүштөргө натыйжалуу каршы туруу үчүн санкцияларды күчөтүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, билим берүү программаларын кеңейтүү жана сот системасынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу сыяктуу комплекстүү мамиле талап кылынат. Өзүмдүн ишмердүүлүгүмдүн алкагында тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландаштырып жатам.
Ошону менен бирге карапайым калктын укуктары менен кызыкчылыктары коргоо, мамлекетибиздин коопсуздугун чыңдоо жана социалдык-экономикалык кубаттуулугун арттырууга байланышкан маселелерде элибиздин кызыкчылыгына туура келген чечимдерди кабыл алып, депутаттык милдеттеримди татыктуу аткаруу менин башкы максатым.
Урматтуу мекендештер, №12 шайлоо округунун шайлоочулары! Мен жогорудагы программамда көрсөтүлгөн багытта иш алып баруу менен сиздердин жашоо-шарттарыңызды жакшыртуу жана биздин аймакты өнүктүрүү үчүн чын дилимден ак кызмат кылууга убада беремин.
Биз биргелешип гана өз аймагыбызды өнүктүрө алабыз. Сиздин добушуңуз – бул келечекке жасалган инвестиция.
Урматым менен,
№12 шайлоо округу боюнча Жогорку
Кеңештин депутаттыгына талапкер Ж.К. Курманалиева