СУЛТАНОВА РОЗА АЖИМАМАТОВНА

Мен Султанова Роза Ажимаматовна Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылында 1963-жылдын 4-июнунда карапайым үй-бүлөөдө туулгам. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү, магистр. Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинин журналистика бөлүмү – журналист, 2014-жылы Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик  Юридикалык  Академиясы – юрист, 2017-жылы  Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетинин магистратурасы – журналист.

“Мамлекеттик жарандык кызматтын  2-класстагы кеңешчиси” класстык ченге ээ.

Эмгек жолу 1981-жылдан 1986-жылга чейин Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти. 1984-жылдан 1986-жылга чейин ушул эле университеттин журналистика кафедрасынын 0,5 ставкадагы лаборанты. 1987-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз  ССРинин телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы дирекциясынын Радио уктуруулар программасынын редактору, 1989-жылдан 2005-жылга чейин ”Ала Тоо” маалыматтык телекөрсөтүү Башкы редакциясынын редактору, улук редактору, өз кабарчысы, алып баруучусу. 2005-жылдан 2009-жылга чейин Социалдык, экономикалык жана инновация боюнча программаларынын Башкы редакциясынын  улук редактору болуп иштеген. 

2011-жылдан  2022-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде алгач депутаттын жардамчысы,  андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бөлүмүнүн, кайра жаңыланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бөлүмүнүн  эксперти болуп  эмгектенгем.

Азыр ардактуу эс алуудамын. Үй-бүлөлүү. Эки баланын энесимин.