Ар бир жаран үчүн  адилеттүү мыйзам. Келечекте Кыргыз элинин укуктук жашоо шарттарын жакшыртып, мамлекетибизди өнүктүрө турган төмөнкүдөй   маселелерди камтыган Мыйзам долбоорлорун жазып ишке киргизейин жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө  өз салымымды кошсом деген тилек - максатым бар.

Кыргызстанда, азыркы учурда да карапайым элди кыйнап убара кылган бюрократиялык, толгон -токой тоскоолдуктар  бардык тармактарда бар. Анын кесепети мамлекеттин, коомдун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип, кеңири тараган паракорчулуктун негиздерин түптөп жатат. Андыктан бул маселени түп – тамырынан бери жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык, тиешелүү мыйзамдарды так жазып, кабыл алуу зарыл. Мыйзамдар элге түшүнүктүү Мамлекеттик  тилде жазылып, жарыяланып, элге тынымсыз түшүндүрүлүп турушу керек. Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын негиздерин, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны   мектептен  өздөштүрүп чыгышы  азыркы замандын талабы!  Ар бир адам өз укуктары менен милдеттерин так билүүгө тийиш! Ошондуктан Жогорку Кеңеш тикелей колдогон  укуктук кеңешчилер тобу же бирикмеси аркылуу  бардык жерлерде  түшүндүрүү жана кеңеш берүү иштерин уюштуруу учурдун, келечектин талабы.

Кыргызстандын калкынын 65 пайызы айыл жеринде, алыскы аймактарда жашайт.  Айыл чарбасын аркалаган дыйкандарга , мал баккандарга ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды түзүү жана  алар тикелей башкарган  кооперативдердин, өндүрүш каражаттарын түзүп өнүктүрүү. Мал чарбачылыгы Кыргыз элинин маданияты, тарыхы, каада - салты, жашоосу менен тыгыз байланышкандыктан  аларга ар тараптан жеңилдиктер берилип,  олуттуу колдоолорду көргөзүү. Мал багууда жана пайдаланууда укуктук шарттарды татаалдаштырбай, жөнөкөйлөтүп, дары - дармектерди жана бөлөк керектүү каражаттарды арзандатуучу Мыйзамдарды кабыл алуу керек;

Билим берүү тармагында - окуучуларга заманбап жашоо эрежелерин: адептүүлүктү, бири-бирин сыйлоону,  эмгекке калыптандырууну, сарамжалдуулукту, мамлекеттик түзүлүштү, адам баласына эң керектүү- келечектүү адистиктердин жана мыйзамдардын негизин мектептен үйрөтүп чыгаруу.