РАХМАН МЕДЕР

Мен, РАХМАН Медер, 1976-жылдын 18-сентябрында Сузак районунун Октябрь айылында төрөлгөнмүн. 1983-1993 –жылдары Октябрь айылындагы №33 Рахман Исманалиев мектебинде окуганмын.

3 жогорку билимим бар:

  • 1993-1997 жылдары Ош технологиялык университети. Экономика, башкаруу жана укук факультетин;
  • 1997-2000 жылдары Кыргызстан эл аралык университети. Эларалык мамилелер факультетин;
  • 2000-2001 жылдары Жалал-Абад коммерциялык институту, Экономика факультетин бүтүрдүм;

1997-1998 жылдары жеке ишкерлик менен алектендим. 1998-жылдын март айынан июль айына чейин “БАКАЙ” акционердик коомунда жөнөкөй жумушчу, андан кийин 1999-жылдын январына чейин суу чыгаруучу цехиндеги үйлөмө аппаратынын оператору болуп иштедим.

1999-жылдын январынан сентябрь айынан 2000-жылдын январына чейин КР Президентинин алдындагы жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссиясында инспектор болуп эмгектендим.

2000-2004 жылдары жеке ишкерлик менен алектендим.

2002-жылы, кыска мөөнөттүү иш-чапар менен Москва шаарынан келгенден кийин,  поезд менен каттаган чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоо үчүн өлкө жетекчилигине кайрылуу жасадым. Андан кийин 2004-жылы Москва шаарына миграцияга кетип, ал жакта мекендештердин укуктарын коргоо иштерин алып бардым.

2006-жылдын июнь айында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна референт кызматына, ндан кийин 2007-жылдын январь айында ошол эле Башкы консулдуктун атташе кызматына дайындалдым.

2007-жылдын август айында Башкы консулдуктун колдоосу менен поезддеги мекендештерибиздин көйгөйүн чечүү максатында КР Президентине жасаган кайрылуубуз мамлекет тарабынан колдоого алынып, дипломаттык кызматты тапшырып, “Юртранссервис” мекемесинин негиздөөчүсү катары поезддерде каттаган чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укугун коргоо долбоорун ишке ашырдым.

Андан кийин 09.2008-02.2009 жж КР Президентинин Иш башкармалыгында башкы адис, 02.2009-10.2009 жж КР Президентинин администрациясынын уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери бөлүмүндө эксперт, 10.2009-04.2010 жж  КР Президентинин аппаратынын уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери бөлүмүнүн эксперти кызматтарын аркаладым.

2010-жылдын август айынан 2014-жылга чейин РФ Москва шаарында миграцияда жүрүп, мекендештердин укугун коргоо ишмердүүлүгүн жүргүздүм.  

2014-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарында жеке ишкерлик менен алектендим.

12.2018-03.2019 жж КР Жогорку Кеңешинин депутатынын коомдук жардамчысы,  03.2019-12.2021 жж КР Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп иштедим.

2021 жылдан  2023-жылдын июль айына чейин КР ЖК Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча Кеңешинин катчылыгынын жетекчиси болдум.

07.2023 – 08.2025 жж “АСТ” курулуш компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектендим.

2025-жылдын август айынан баштап миграция жаатына кайтып келдим. Азыркы мезгилде КР ЖК Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча Кеңешинин катчылыгынын экспертимин.

 

Билимим жогорку.

 

Үй-бүлөлүүмүн, 2 уулдун жана 3 кыздын атасымын.