Мен, РАХМАН Медер, жашым 49 да. Уй-бүлөөлүмүн, 2 уул жана 3 кыздын атасымын.
1997-жылы Ош технологиялык университетин аяктадым. 1997-1998 жылдары жеке ишкерлик менен алектенип, андан кийин “Бакай” АК заводунда жөнөкөй жумушчу, үйлөмө аппаратынын оператору болуп эмгектендим. 1999-жылы КР Президентине караштуу Жакырчылыкты жоюу боюнча улуттук комиссияда инспектор болуп иштеп, 2000-2004 жылдары кайра жеке ишкерлик, коомдук ишмердүүлүк менен алек болдум.
2004-2006 жылдары Москва шаарында аспирантурада окудум, иштедим – чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоо иштерин жүргүздүм. 2006-2007 жылдары РФ Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда алгач референт, кийин атташе кызматкери болдум. 2007-жылы дипломаттык кызматты тапшырып, 2002-жылы максат кылып койгон “Россияга поезд менен каттаган мекендештерибиздин укуктарын коргоо боюнча долбоорун” ишке ашырып, 2008-жылы мамлекеттик кызматка кайттым.
2008-жылдан 2010 жылга чейин КР Президентинин Иш башкармалыгында, КР Президентинин Администрациясында, КР Президентинин аппаратында иштеп, 2010-2014 жылдары Россияда миграцияда болуп келдим. 2014-2018 жылдары Кыргызстанда жеке ишкерликте жана миграция жаатындагы коомдук иштерде жүрдүм. 2018-2023 жылдары КР Жогорку Кеңешинде иштедим. 2023-2025 жылдары “АСТ” курулуш компаниясынын башкы директорунун орун басарлык кызматын аркаладым.
Азыркы мезгилде КР Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция кеңешинин экспертимин.
20 жылдан ашык убакыттан бери жасаган миграция жаатындагы эмгектеримин, тажрыйбамын негизинде, жалпы элдин колдоосуна таянып, төмөнкү маселелерге олутуу көңүл буруу зарыл деп эсептеймин:
- Кыргыз Республикасында жарандык коомду өнүктүүрүү багытында мыйзамдарды кабыл алуу, коомдук-мамлекеттик мамилени чыңдоо;
- Чет өлкөлөрдөгу мекендештердин Кыргызстанга кайтарууга жана алардын отурукташуусуна (адаптация, интеграция маселерине) шарттарды түзүү;
- Чет өлкөлөрдөгү мекендештерге, этникалык кыргыздарга олуттуу көңүл буруу максатында миграция жаатында иштеп жаткан мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу;
- Чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жакындан колдоо көрсөтүү жана аларды мамлекеттик процесстерге жигердүү тартуу максатында “Мекендештер” улуттук фондун түзүү;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомдун карым-катнашын күчөтүү. Ошол эле мезгилде, чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы мамилени чыңдоо;
- Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин Кыргызстанда калган үй-бүлөсүнө, кароосуз калган балдарыбызга, улгайган ата-энелерибизге колдоо көрсөтүү;
- Айыл жерлеринен миграцияга түртүп чыгаруучу факторлорду кыскартуу. Элетте жумуш орундарын түзүүгө, жашоо шарттарын жогорулатууга, билим берүү жана медицина кызматтарынын сапаттарын көтөрүүгө өбөлгө болгон мыйзамдарды жана ченемдуү-укуктук акттарды көтөрүп чыгуу;
- Чет өлкөлөрдөгү мекендештер тарабынан түзүлгөн диаспоралык жана коомдук уюмдардын башын бириктирүү, мамлекет алар менен системдүү иш алып барууга өбөлгөлөрдү жаратуу;
- Чет өлкөлөрдө жалпы кыргызстандыктардын улуттук маданиятын, тарыхын, тилин сактоо;
- Көгүлтүр Ысык Көлдүн жээгинде чет өлкөлөрдөгү мекендештердин “Мекен” борборун ачуу.