АЛТЫНБЕКОВ АЙБЕК

1978-жылы 12-январда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын Правда айылында туулган.  Жогорку билимдүү, 1995-жылы 2000-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин юридика факултетинин, юрист адистигин. 2000-жылы Ош техникалык университетине караштуу аскердик кафедрасын аяктап, запастагы кичи лейтенант наамын алган. Өз алдынча 2010-жылдан 2011-жылга чейин «Жылдызбек» күзөт агенттигинин жообкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси болуп, 2011-жылдан 2014-жылга чейин «Золотой Орех»  жообкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси. 2015-жылдан 2015-жылдын октябрь айына чейин Базар-Коргон районунун Могол айылдык Кеңешинин депутаты болуп эмгектенип, 2015-жылдын октябрь айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Республика-Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. 2021-жылы ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII-чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Базар-Коргон районунун ардактуу аттуулу. Кыргыз Республикасынын Президетинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү кластагы мамлекеттик кеңешчиси деген кластык чен ыйгарылган. Үй-бүлөлүү, үч уул, эки кыздын атасы.