№ 13 көп мандаттуу шайлоо округунан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин

депутаттыгына талапкер Алтынбеков Айбектин

шайлоо алдындагы программасы

 

– Жалпы мамлекеттик саясат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизинде өлкөнүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, ички жана тышкы саясатынын туруктуулугун колдоо, ошондой эле ата-бабаларыбыз тутунган салттуу динди колдоо менен улуттар аралык биримдикти чыңдоо жана жалпы мамлекеттик саясатка колдоо көрсөтүү;

– Социалдык-экономикалык программа. Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн беш жылдык стратегиялык программасын иштеп чыгууга салым кошуу менен аны Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигине сунуштоо;

– Жеке ишкерликти колдоо. Кыргыз Республикасынын Президентинин жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы жеке ишкерликти колдоо максатында мыйзамдарды демилгелөө;

– Калктын саламаттыгына кам көрүү. Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы аймактык ооруканалардын инфратүзүмүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында республикалык бюджеттен жыл сайын жетиштүү каражат менен камсыз кылынышын көзөмөлдөө;

– Билимдүү келечек. Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы мамлекеттик райондук адмнистрация жана жалпы билим берүү мекемелери менен биргеликте эл тыгыз жайгашкан аймактарда жетишсиз болгон мектеп, бала бакчаларын аныктап, жаңы долбоорлорун даярдап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштоо;

– Туризм жана спорт. Базар-Коргон жана Ноокен райондору тоолуу аймак болгондуктан, туризм инфратүзүмүн өнүктүрүү негизги багыт болуп саналат. Бул багытта жаңы долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын тиешелүү аткаруу бийлиги менен биргеликте туризм менен спорт чөйрөсүнө ички жана тышкы инвестицияларды тартуу;

– Инвестиция тартуу. Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы ата мекендик кайра иштетүүчү жеңил өнөр-жайларды өнүктүрүү боюнча ички жана сырткы инвестицияларды тартуу жана ивесторлор менен биргеликте сунуштарын мыйзам долбоору түрүндө демилгелөө.