КЕНЖЕБАЕВ НУРЛАНБЕК ИСРАИЛЖАНОВИЧ

Мен, Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович, 1989-жылы 1-январда Кыргыз Республикасынын Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарында төрөлгөм. Кыргыз Республикасынын жаранымын.

2008-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, аны 2013-жылы «Кыймылды уюштуруу жана коопсуздугу» адистиги боюнча аяктагам.

Негизги окуу менен катар, 2010-жылдан 2012-жылга чейин жогорку окуу жайындагы аскер кафедрасында даярдыктан өтүп, анын соңунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запастагы офицери деген наам алгам.

Өзүмдүн кесиптик тажрыйбамды кеңейтүү максатында, 2013-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, аны 2016-жылы «Юриспруденция» багыты боюнча ийгиликтүү аяктагам.

Учурда Бишкек шаарында, Абай көчөсү, 7а үй, 62-батир дарегинде жашайм.

1994-жылы туулган Кенжебаева Айсулуу Камалдиновна менен үй-бүлөлүүмүн. Биздин үй-бүлөдө үч бала бар.