Мен ишенем: Кыргызстан - күчтүү, ак ниет жана эмгекчил элдин мамлекети. Биздин эл ар дайым кыйынчылыктан жол тапкан, биримдик жана адилеттүүлүк менен алдыга умтулган.
Бүгүн мамлекетибизге жаңы ой жүгүртүүгө, таза ишке жана эл үчүн кызмат кылган бийликке муктаждык бар.
Мен саясатка бийлик үчүн эмес, эл үчүн иштөө, сөз менен эмес - иш менен далилдөө үчүн барам.
Менин максатым - адилеттүү мамлекет, жоопкерчиликтүү бийлик жана мүмкүнчүлүк жараткан экономика.
- Экономикалык өнүгүү жана ишкердикти колдоо
Биздин өлкөнүн байлыгы - бул анын жарандарынын эмгеги. Ар бир жаран иштесе, мамлекет өсөт.
- Чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды жеңилдетүү, салык системасын жөнөкөйлөтүү.
- Ишкерлерди ашыкча текшерүүлөрдөн жана бюрократиядан коргоо.
- Жаш ишкерлерге жана үй-бүлөлүк бизнеске арзан насыя жана кеңештик колдоо берүү.
- Ата мекендик өндүрүштү жана айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарууга жардам берүү.
- Жергиликтүү өндүрүштү колдогон мамлекеттик сатып алуулар системасын киргизүү.
Кыргызстандын күчү - анын иштеген адамында!
- Социалдык коргоо жана адилеттүүлүк
Мамлекет ар бир адамга татыктуу жашоону камсыз кылган шарт түзүшү зарыл. Эмгекчил жаран эртеңки күнүнө ишеним арта турган мамлекет болушу зарыл.
- Пенсия жана жөлөкпул системасын адилеттүү жана айкын кылуу.
- Ар бир үй-бүлө таза суу, жарык жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз болушу керек.
- Жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жай программаларын кеңейтүү.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн инфраструктураны ыңгайлуу кылуу.
- Коомдун ар бир катмары - мамлекеттин камкордугунда болушу шарт.
III. Билим берүү жана жаштар саясаты
Билимдүү жаштар - Кыргызстандын келечеги. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алган билимдүү муунду тарбиялайбыз.
- Мугалимдин статусу жогору болушу керек - бул кесип сый-урматка татыктуу.
- Мектептерди интернет, лаборатория жана жаңы окуу куралдары менен камсыз кылуу.
- Ар бир райондо кесиптик колледждерди ачуу - жаштарга турмушта колдонулуучу практикалык адистик берүү.
- Таланттуу жаштар үчүн гранттык программалар жана стартап-фонд түзүү.
- Спорт жана маданиятты өнүктүрүү аркылуу жаштардын энергиясын туура нукка багыттоо.
Жаштарга мүмкүнчүлүк берели - анткени келечек алардын колунда!
- Аймактарды жана инфраструктураны өнүктүрүү
Аймактар өнүкмөйүн, өлкө өнүкпөйт.
- Ар бир айылга таза суу жана сапаттуу жол.
- Энергия жана байланыш тармактарын жаңылоо.
- Инфраструктуралык долбоорлордун каржылануусу толук ачык болуп, ар бир сом элге отчет берилүүгө тийиш.
- Айыл чарба аймактарында кичи заводдорду жана кайра иштетүү ишканаларын ачуу.
- Коомдук транспортту өнүктүрүп, аймактар ортосундагы жол-транспорттук байланыштарды чыңдоо
- Айыл жана токой чарбасын өнүктүрүү
Айыл - элдин жаны. Айыл чарба өнүксө, эл ток, мамлекет бекем болот.
- Дыйкандарга субсидия жана техникалык жардам берүү.
- Агроинновациялар жана ирригация системаларын жакшыртуу.
- Кооперативдерди түзүү аркылуу дыйкандардын эмгегин натыйжалуу жана кирешелүү кылуу.
- Токой чарбасын өнүктүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана мыйзамсыз кыюуларга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү.
Жашыл Кыргызстан - биздин муундарга мурас болсун!
- Адилеттүү бийлик жана коррупцияга каршы күрөш
Коррупция - мамлекеттин өнүгүүсүнө эң чоң тоскоолдук жаратат.
- Ар бир мамлекеттик кызматкер элге отчет берүүгө милдеттүү.
- Бюджетти пайдалануу ачык болушу керек — ар бир тыйындын эсеби элге көрүнүшү зарыл.
- Депутаттар жана кызматкер өз кирешесин ачык жарыялоого тийиш.
- Санариптик өкмөт - коррупцияны азайтуунун негизги жолу.
Таза бийлик - күчтүү мамлекет.
VII. Экология жана айлана-чөйрө
Табият - бул биздин байлык, аны сактап калуу ар бирибиздин милдетибиз.
- Жашылдандыруу, токой отургузуу жана суу булактарын коргоо.
- Таштандыны кайра иштетүүчү системаларды куруу.
- Экологиялык маданиятты мектептен тарта тарбиялоо.
- Ар бир шаар жана айыл - таза, жарык жана жашыл болушу керек.
VIII. Маданият жана улуттук биримдик
Элибиздин күчү - биримдикте. Биздин маданият - руханий байлыгыбыз.
- Улуттук салт-санааны жана маданиятты өнүктүрүү.
- Эл аралык ынтымакты жана улуттар аралык достукту чыңдоо.
- Кыргыз тилин өнүктүрүү жана мамлекеттик деңгээлде кеңири колдонуу.
- Жаш муунду улуттук баалуулуктар менен тарбиялоо.
Жыйынтык
Менин сөзүм — бул жөн гана убада эмес, иш-аракеттердин планы.
Кыргызстандын ар бир жараны татыктуу жашоого, ишенимдүү мамлекетке жана адилеттүү келечекке ээ болушу керек.
Мен элге кызмат кылууга, ар бир чечимде элдин кызыкчылыгын жогору коюуга даярмын.
Менин жолум — эл үчүн иштөө.
Менин максатым — адилет Кыргызстан!