СУЛТАНОВА ОЛМАСКАН АБДЫКАПАРОВНА
Мен, Султанова Олмаскан Абдыкапаровна, 1985-жылдын 22-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында төрөлгөм.
2002-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №1 орто мектепти артыкчылык менен аяктадым.
2007-жылы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин экономика факультетин, «Финансы жана кредит» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөм.
2019-жылы эл аралык JICA агенттиги колдогон Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) MBA программасын аяктадым.
Эмгек жолумду 2007-жылы «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКсында стажёр болуп баштадым, кийин ГОПУ бөлүмүнүн «Бэк-офис» улук адиси болуп иштедим.
2008-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Банктардын көзөмөлү башкармалыгынын тышкы көзөмөл бөлүмүндө инспектор болуп эмгектендим.
2010-жылдын январь айынан тартып жеке секторго өтүп, «ЭкоИсламикБанк» ААКсында риск-менеджер кызматын аткардым.
2017-жылдын февраль айынан тартып «ЭлдикКредит» МКК ЖЧКсынын башкы бухгалтер болуп, 2018-жылдын январь айынан ошол эле компаниянын башкы директору болуп иштедим.
2018-жылдын декабрь айынан бери жеке ишкерлик менен алектенип келем. Ишкердик чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу багытында активдүү иш алып барам.
Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын энесимин.
Сот жоопкерчилигине тартылган эмесмин.