1. Максат жана миссиям
    Менин миссиям — мыйзам долбоорлору жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу аркылуу биздин аймактын өнүгүшүнө, инфраструктуранын жакшыртылышына, жумуш орундарын түзүүгө жана элдин жашоо сапатынын жогорулашына өбөлгө түзүү. Максатым — жарандар өз жеринде, өз үй-бүлөсүнүн жанында жашап, иштей алган шарттарды түзүү.

    2. Экономика жана айыл чарбасын өнүктүрүү
    - Аймактагы дыйкандарды, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган мыйзамдарды илгерилетүү (жеңилдетилген насыялар, субсидиялар).
    - Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда пахта өндүрүшүн жандандыруу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү.
    - Аялдардын ишкердигин колдоо, жумуш менен камсыз болуусуна шарт түзүү.

    3. Үй-бүлө жана социалдык колдоо
    - Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдогон мыйзамдарды иштеп чыгуу.
    - Аймакта бала бакчалардын жана кошумча билим берүү борборлорунун санын көбөйтүү.

    4. Саламаттыкты сактоо
    - Округда жаңы заманбап оорукана курулушун камсыз кылуу, ар бир жаран өз жеринде сапаттуу медициналык жардам ала алышы үчүн.

    5. Билим берүү жана жаштар
    - Жаштар үчүн сапаттуу билимге тең мүмкүнчүлүк түзүү.
    - Кесиптик-техникалык окуу жайларды өнүктүрүү, жаштардын аймакта талап кылынган адистиктерди үйрөнүшүнө шарт түзүү.
    - Таланттуу студенттерди гранттар жана стипендиялар аркылуу колдоо.

    6. Инфраструктура жана аймакты өнүктүрүү
    - Жолдорду, суу системасын жана электр тармагын оңдоо иштерин илгерилетүү.
    - Көпүрө, мектеп жана оорукана курулушуна мамлекеттик бюджеттен каражат бөлдүрүүгө аракеттенүү.
    - Мамлекеттик программалар аймактарга чыныгы түрдө жетишин камсыз кылуу, кагаз жүзүндө гана калтырбоо.

    7. Баалуулуктар жана принциптер
    Мен ишенем: күчтүү мамлекет күчтүү үй-бүлөдөн башталат. Максатым — ата-энелер чет өлкөгө кетпей, өз жеринде татыктуу иштеп, үй-бүлөсүнүн жанында жашашы. Ар бир үй-бүлө эртеңки күнгө ишеним менен карап, ар бир бала билим алып, келечегине ишенишин каалайм. Мен парламентке Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тургундарынын кызыкчылыктарын коргоо жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштөө максатында бара жатам.